Альбуминдер

Википедия дан

Альбуминдер – жаратылышта кенен тараган, сууда жакшы эрүүчү, глобулалуу белоктор. А. бардык өсүмдүктөр менен жаныбарлар курамында липиддер, углеводдор жана айрым бир белоктор менен комплекс түрүндө кездешет. Алар сүттүн, жумуртка агынын, нандын, өсүмдүк уругунун курамдарында болот. А. фармация, кондитер, кездеме өндүрүү өнөр жайларда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]