Аманатчы

Википедия дан

Аманатчы – 1) келишим боюнча өз милдетин аткаруу үчүн акча салган же үчүнчү бирөөдөн банктагы дарегине акча түшкөн, банктык аманат келишиминин бир жагы. Аманатчы банкта акча каражаттарынын коопсуз сакталуусун талап кылып, аманат боюнча эсептерди жүргүзүү жөнүндө тапшырма бере алат. Келишим биринчи талап кылганга чейин түзүлгөн шарттарда аманатын биринчи талабы боюнча, ошондой эле белгилүү мөөнөткө түзүлсө келишимдин мөөнөтү бүткөндө алууга укуктуу. Аманатчы аманат боюнча келишимде көрсөтүлгөн үстөк пайызды алууга, ошондой эле аманат сырын сактоону талап кылууга акылуу; 2) бааракы келишиминин негизинде алуучунун пайдасына бааракылык аманаттарын салган юридикалык же жеке жак.[1]


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7