Америка Кошмо Штаттары

Wikipedia дан
Америка Кошмо Штаттары
United States of America
Калып:Америка Кошмо Штаттарынын туусу Америка Кошмо Штаттарынын герби
Америка Кошмо Штаттарынын туусу Америка Кошмо Штаттарынын герби
United States (orthographic projection).svg
Мамлекеттик девизи: «In God We Trust»
Гимн: «The Star-Spangled Banner» (ук )
'
Мамлекеттик тили Аңглис тили
Башкалаа Вашингтон
Эң ири шаарлар Нью-Йорк шаары
Башкаруу формасы Президенттик республика
Президент
Вице-президент
Барак Обама
Жо Байден
Аянт
  • Бардык
  • суу аянты проценти
 
9826675 км²
6,76
Калк
  • Сан (2012)
  • Жыштык
3-чи орунда
314 476 000
33,7/км²
ИДП
  • Бардык (2011)
  • Жан башына
1-чи орунда
15,094 трлн. $
48386 $
Улуттук акча бирдиги АКШ доллары
Интернет домени .us .gov .mil .edu
Телефон коду +1
Убакыт алкагы


АКШ – Америка Кошмо Штаттары мамлекетинин расмий аталышынын кыргыз тилинде шарттуу кыскартылышы (англисче - the USA). Анын англисче толук аталышы – the United States of America.

АКШны кыргызча “Кошмо Штаттар” (the United States) деп да кыскартып айтышат.

АКШ – 50 штаттан жана бир федералдык чөлкөмдөн (дистрикт) турган федерациялык конституциялык жумурият. Анын негизги бөлүгү (48 штат жана Вашингтон ордолук чөлкөмү - Washington, D.C.) Түндүк Америка континентинде жайгашкан.
Гавайи (Hawaii) штаты болсо Тынч океандын ортосунда жайгашкан архипелаг.
АКШга Кариб бассейнинде жана Тынч океандын башка бөлүктөрүндө да айрым аралдар карайт.

АКШнын калк саны – 307 миллионго чукулдайт. 275 ашык улуттардын өкүлдөрү бирге жашайт. Ал калк саны жана аймагынын көлөмү (9,83 миллион чарчы чакырым) жагынан чогуу алганда дүйнөдөгү эң ири үчүнчү мамлекет.

Үнөмдүк (экономикалык) кубаты жагынан ал дүйнөдөгү эң алдыңкы мамлекет.

Саясий түзүлүшү жагынан ал дүйнөдөгү алдыңкы демократиялык өлкөлөрдүн катарында турат.

Бүгүнкү күндө, КСРБ кулагандан кийин, АКШ жалгыз "сверхдержава" болуп калды.
Бүт дүйнөлүк уйумдар (Улуттардын Биримдиги, Дүйнөлүк Банк ж.б.) дал АКШда жайгашып турушат.