Америций

Википедия дан
Америций.

Америций (лат. Americium) Am – жасалма жол менен алынган радиоактивдүү элемент. Атомдук номери 95, атомдук массасы 237-246, бир нече изотоптору белгилүү, туруктуу изотобунун атомдук массасы 243. Америцийди 1945-ж. америкалык илимпоздор Г. Сиборг, Р. Джеймс, Л. Морган жана Гиорсо Am241изотобу түрүндө плутонийди нейтрон бөлүкчөлөрү менен нурлантуудан алып, өз өлкөсүнүн атынан аташкан. Америций - күмүш сымал ак түстөгү жумшак металл, салыштырмалуу тыгыздыгы 13,6 г/см3. Таза металл түрүндөгү Америций 850°Сде жумшара баштап, 1200°Сде толук эрүүсү байкалбагандыктан, балкып эрүү темпратурарасынын так мааниси белгисиз. Амерций 3төн 6га чейин өзгөрмөлүү валенттүүлүккө ээ. Көпчүлүк бирикмелеринде валенттүүлүгү 3кө барабар. Атомдук радиусу 1,82 А, үч валенттүү абалындагы ионунун радиусу 1,00 Амерцийбардык эле актиноиддер сыяктуу ал газ абалындагы суутек менен өз ара аракеттенишип, гидридди пайда кылат. Кычкылтек менен реакцияга кирип, бир нече оксиддерди AmO, Am2O3, AmO2 берет. Ал эми галогендер менен үч валенттүү Амерцийдин галогендүү бирикмелерин - AmF3,AmCl3,AmBr3пайда кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]