Амил спирттери

Википедия дан

Амил спирттери, С5Н11ОН – чектүү бир атомдуу спиттер. М. масс. 88,15, түссүз суюктук, сууда начар, орг. эриткичтерде жакшы эрийт. А. с-нин 8 изомери бар, кеңири белгилүүсү пентанол- 1 (н-амил спирт) СН3(СН2)3СН2ОН, 3 - метил бутанол-1 (изоамилспирти):

СН3-СН-СН2-СН2ОН

СН3

ж-а 2-метилбутанол-2:

СН3-СН2-СОН-СН3

СН3

Этанолду өндүүрүдө кошумча зат катары пайда болот. Сивуха майынан 3 метил бутанол-1 алынат. Көпчүлүк А. с. пентанды хлорлоо менен алынган хлорпарафинди 30 % NаОН менен гидролиздөөдөн синтезделет. А. с. дегидратациялоодон (H2SO4) амилен жана жөнөкөй эфирлер алынат. Биринчилик спиртти окистендиргенде альдегид, экинчилик спирттен кетон алынат, үчүнчүлүк спирт мол-сы бузулат. Майларды, синтездик жана жаратылыш чайырларын, экстрагенттерди эритүүдө эриткич катар колдонулат. А. с. эфирлери негизинен парфюмерияда, жемиш эссенцияларын алууда, ок-дарыларды жасоодо пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]