Амин кычкылдыктары (аминокислота)

Wikipedia дан

Аминокислоталар (карбондук кислоталар) — курамында карбоксиль (СООН) жана амин (NН2) топтору бар органикалык кислоталар.

Организмдин бардык клеткаларында негизинен белоктун составында эркин жана бирикмелер түрүндө болот. Алар азоттуу заттардын алмашуусуна катышып, организмдин тиричилигинде чоң роль ойнойт. А. белоктун молекуласынын структуралык бирдигин түзөт жана анын биол. өзгөчөлүгүн, азыктык баалуулугун аныктайт. Белоктун составына негизги 20 Аминокислоталар кирет. Аминокислоталар — жогорку температурада (220—315° С) эрий турган түссүз кристалл заттар. Бардык Аминокислоталар кислоталык жана негиздик топтору болгондуктан амфотердик касиетке ээ. Көпчүлүк микроорганизмдер жана өсүмдүктөр өзүнө керектүү Аминокислоталарды органикалык эмес жөнөкөй заттардан синтездеп алышат. Бир катар Аминокислоталар киши менен айбандардын денесине синтезделет.

Бирок төмөнкү алмаштырылгыс Аминокислоталар: валин, изолейцин, лейцин, лизин, метионин, треонин, триптофан, фениламин киши м-н айбандардын организминде синтезделбейт. Алар организмге тамак-аш аркылуу гана келип түшөт. Алмаштырылгыс Аминокислоталардын организмге түшүүсү тамак-аш белогунун санына жана аминокислоталык составына жараша болот. Аминокислоталарды чоң кишилер суткасына орто эсеп менен 1 гга жакын керектейт. Аминокислоталар (көбүнчө триптофан, лизин, метионин) жетишсиз же тамак-ашта алардын бири жок болсо тиричилик үчүн зарыл болгон белок жана биол. маанилүү көп заттар синтезделбейт.

Гистидин менен аргинин жаныбарлардын организминде өтө аз синтезделет. Цистеин метионинден, тирозин фенилаланинден пайда болот. Эгер бул алмаштырылгыс Аминокислоталар жетишсиз болсо, анда цистеин менен тирозин да алмаштырылгыс Аминокислоталар болуп калат. Организм белокту жана башка заттарды (гормондор, аминдер, алкалоиддер, коферменттер, пигменттер жана башка) синтездөө үчүн Аминокислоталарды такай керектейт. Ашыкча Аминокислоталар зат алмашуунун акыркы продуктуларына (мочевина, көмүр кычкыл газы, суу) чейин ажырайт; мында организмдин тйричилик аракети үчүн зарыл болгон энергия бөлүнүп чыгат. Организмде Аминокислоталардын алмашуусунун бузулушу көп оорулардын пайда болушуна себеп болот. Айрым Аминокислоталардын, мис., метионин жетишсиздиги семирүүгө жана боордун циррозуна алып келет; триптофан жетишпесе — пеллагра, валин жетишпегенде нерв системасынын оорулары пайда болот.

Аминокислоталар медицинада тамак сиңирүү жана башка органдары ооруган кишилерди азыктандыруу үчүн, боор ооруларын, аз кандуулукту, күйүктү (метионин), ичеги-карын жараларын(гистидин), нерв-психикалык ооруларды (глутамин кислотасы жана башка) дарылоодо кеңири колдонулат. Мал чарбачылыгында жана ветеринарияда жаныбарларды азыктандыруу, дарылоо үчүн, ошондой эле микробиологиялык мед. жана тамакаш өнөр жайында пайдаланылат. Аминокислоталарды тамак-ашка кошуудан анын сапаты,сиңимдүүлүгү, даамы жакшырат; айрыкча глутамин кислотасы эттин даамын бергендиктен көп колдонулат.