Амман

Википедия дан
Амман
араб. عمان
Туу
Туусу
Өлкө

Иордания

Ички бөлүнүшү

27 дистрикт

мэр

Акель Бильтаджи

Тарыхы жана Географиясы
Биринчи белгиленген

XIII к. б. з. ч.

Мурунку аталышы

Раббат-Аммон, Филадельфия

Аянты

1680

Климатынын түрү

тропиктик

Калкы
Калкынын саны

1 349 260 (2013)

Жыштыгы

803.1 адам/км2

Агломерациясы

2 528 500

Улуттук курамы

арабдар ж. б.

Диний курамы

мусулмандар ж. б.

Этнохроним

аммандык, аммандыктар

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+2

Телефон коду

+962(6)

http://www.ammancity.gov.jo/

Амман (араб. عمان‎) — Иорданиянын борбору жана эң ири шаары. Байыркы убакта Раббат-Аммон, эллада-рим доорунда Филадельфия деген ат менен белгилүү. VII—IX кылымдарда Араб халифатынын курамында, 1516-жылдан тарта Биринчи дүйнөлүк согушка чейин Осмон империясынын курамында болгон.

Амман губернаторлугунун административдик борбору. Зерка дарыясынын боюнда, өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Калкы 1,3 млн (2003). Жолдор тоому. Эл аралык маанидеги аэропорту бар. Нефть ажыратуу, тамак-аш, тамеки, текстиль, цемент ж. б. өнөр-жайлары иштейт. Университет, археологиялык. жана ислам музейлери бар. 1921-ж. Трансиордания эмирлигинин, 1946-жылдан көзкарандысыз Иорданиянын борбору. Байыркы Рим жана араб курулмаларынын урандылары сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]