Аммонийлешүү

Википедия дан

Аммонийлешүү – азот негизиндеги орг. заттар, айрыкча белоктор микроорганизмдер таасири менен ажыроо процесси. Белоктор гидролизге учурап, ажыроо процесси негизинде амин к-таларын пайда кылып, алар микроорганизмдин таасири менен ар түрдүү уулуу заттарды, NH3, CO2, H2S, H3PO4 пайда болушун шарттайт. Мындай процесс кыртыштын түшүмдүүлүгүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Мындан сырткары А. белоктор, өсүмдүктөр жана башка майда жаныбарлар минералдашуусуна негиз түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]