Аммоний персульфаты

Википедия дан

Аммоний персульфаты, NH4OSO2-O-O-SO2O-NH4 – мол. масс. 228,21 болгон түссүз, нымды жакшы тартуучу кристаллдар. Сууда жакшы эрийт. Күчтүү окситендиргич. Кургак таза абалында А. п. Көп айларга чейин сакталат, нымдын катышуусунда кычкылтекти бөлүп чыгаруу менен ажырайт. Ал эми кургак А. п. 120оС кычкылтекти бөлүп чыгаруу менен ажыраса, суудагы эритмеси бөлмө темп-расында эле ажырайт. Өнөр жайларда аны каныккан эритмесин аноддук окистендирүү менен алат. Агартуу иштеринде, дезинфекциялоодо, Mn менен Cr фотометрлик же титриметрлик аныктоодо, орг. заттарды окитендирүүдө, сүрөт иштеринде колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]