Аммофос

Википедия дан

Аммофос H3PO4 менен аммиак нейтралдашуу реакциясынан алынуучу жогорку концентрациялуу, сууда жакшы эрүүчү фосфор – азоттук жер семирткич. Курамы 9-12 % N, 35,5- 50 % P2O5 турат. Негизги компоненттери NH4H2PO4 менен (NH4 )2 HPO4 аралашмасы жана сууда эригичтиги начарыраак аммоний фосфаты, MgNH4.PO4 жана Ca HPO4. А. кыртыштын бардык курамына ылайык келген, айыл чарба өсүдүктөрүнүн бардык түрүнө зарыл, эффективдүүлүгү жогору универсалдык жер семирткич. Курамында фосфору бар белгилүү жер семирткичтер ичинен физ.–механикалык касиеттери б-ча артыкчылыкка ээ болгондуктан, кургак туктарды алуунун негизги компоненти болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]