Аморфтук абал

Википедия дан

Аморфтук абал (гр.amorfos-формасыз) – изотропиялык касиетке ээ жана белгилүү эрүү темп-расы болбогон кристаллдык эмес катуу заттар абалы. А. а. зат темп-расын жогорулатканда, зат акырындык менен жумшарат да, бара-бара суюк абалга өтөт, анын белгилүү эрүү темп-расы болбойт. А.а. катуу заттын мындай өзгөчөлүгү аны түзүп турган бөлүкчөлөр жайгашуусундагы алыскы иреттүүлүгүнүн жоктугу менен да түшүндүрүлөт. Берилген затты түзүп турган атомдор жана мол-лар анын бардык көлөмү б-ча белгилүү иретте жайгашып, мезгилдүү кайталанып турса, ал алыскы ирет деп аталат. Криталлдык затар структурасы алыскы иретке ээ. А. а. зат жакынкы иретке ээ, башкача айтканда аны түзүп турган атомдор, мол-лардын иреттүү жайгашышы жанаша атомдор ортосундагы аралыкка чейин болот. Аралык андан көбөйгөндө иреттүүлүк бузулат. Жакынкы ирет суюк абалдагы заттар үчүн да мүнөздүү, бирок суюктуктарда коңшу бөлүкчөлөрү дайыма орун алмашып турат. Мындай алмашуу суюктук илээшкектиги көбөйүшү менен азаят. А. а. катуу затты илээшкектик коэффиценти чоң муздатылган суюктук деп кароого болот. А.а. заттар негизинен көлкүлдөп эриген затты тез муздатканда алынат. Мис,. кристаллдык кварцты көлкүдөтүп эритип, кайра тез муздатканда аморфтук кварц айнеги пайда болот. Жаратылышта А. а. заттар кристаллдык абалдагы заттарга караганда аз тараган. Акак, табигый мом, битумдар жана ири мол-луу бирикмелер же полимерлер А. а. болот. Кенеш эмне учун Россияга кетип калды. Билгендер болсо жазып коюш:

Instagram баракчасы: kenesh1

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]