Амфотердүүлүк

Википедия дан

Амфотердүүлүк, (гр. amphoteros – анысы да, мунусу да) – кээ бир бирикмелер шартка жараша к-талык же негиздик касиетти көрсөтүү жөндөмдүү-лүгү. К-талык жана негиздик мүнөзү кандай гана хим. бирикме болбосун к-талык жана негиздик өз ара аракеттенүү процессине катыша турган экинчи компонент жаратылышына жараша болот. Бир эле зат күчтүү к-та менен өз ара аракеттенгенде өзүнүн негиздик касиетин көрсөтүүгө жөндөмдүү, ошол эле убакта ал күчтүү негиз менен реакцияга киргенде өзүн к-та катары көрсөтөт. А. бирикмеге суунун ажыроо (диссоциация) Н+ жана ОН- процесси өзгөчө мисал боло алат. Бир канча элементтер гидроксиддери А. ээ. Алардын эң негизгилери Аl(ОН)3, Zn(ОН)2 жана Сr(ОН)3, ж. б. А. түшүнүгү Бренстед к-та жана негиздик суутек теориясына кирет. Ал эми Льюис теориясы б-ча А. өзүнүн маанисин сактап калат. Бир гана айырмасы А. бирикме-нин электронду кошуп алуу же бөлүү жөндөмдүүлүгү менен аныкталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]