Анадолу бөксө тоосу

Википедия дан
Анатолия.

Анадолу бөксө тоосу, Анатоо, Анатолия (грекче Анатоле - «чыгыш») - Кичи Азия бөксө тоосунун ички бөлүгү, Түркияда. Түштүгүндө Тавр, түндүгүндө Понт тоолору менен чектешет. Негизинен чөкмө тоо тектерден турат; кийинки жанар тоо аракетинин издери бар. Бир катар туюк өрөөндөрдү анча бийик эмес токол тоолор бөлүп турат. Басымдуу бийиктиги 800-1500 м, эң бийик жери 3916 м (Эржияс жанар тоосу). Шор жерлер жана туздуу көлдөр (Туз жана башка) бар. Жарым чөл, талаа (тоолордо) өсүмдүктөрү өсөт. Оазис дыйканчылыгы өнүккөн, мал асыралат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1