Анакреонтикалык поэзия

Википедия дан

Анакреонтикалык поэзия – санаасыз, бейгам турмушту, ичимдик-шараптарды, сүйүүнү даңазалаган античный поэзиянын бир түрү. Бул лирикалык поэзиянын наамы биздин эрага чейинки VI- кылымда жашаган, тойдо ырдалуучу ырлардын автору Анакреонт деген акындын атынан алынган. Бизге анын кээ бир ырларынын үзүндүлөрү жана ошол убакыттагы анакреонтикалык ырлардын үлгүлөрүндө жазылган айрым жыйнактар келип жетти. 18-кылымдын экинчи жарымында жана 19-кылымдын биринчи жарымында анакреонтикалык ырлар батыш жана орус поэзиясында көп кезигүүчү. Алардын М. В. Ломоносов, Г. Р. Державин, К. Н. Батюшков ж. б. акындар жазышкан. А. С. Пушкин дагы алгачкы мезгилинде бир нече анакреонтикалык ырларды жазган жана которгон.

Кыргыз поэзиясындагы анакреонтикалык ырлардын үлгүсүнө А. Осмоновдун “Үйлөнүү ырын” көрсөтүүгө болот. Албетте, бул ыр өзүнүн мазмуну жагынан мурдагы анакреонтикалык поэзиядан айырмаланат. Мына адамдардын турмушу сүрөттөлүп, алардын тунук сүйүүсү даңазаланат.


“Сөз меники. Ордуңардан туруңар,
Карындаштар, теңтуш, курдаш, курбулар.
Мына, мына алдыбызда эки ашык,
Ичели, ичели!
Тунук суудан бир жутум
Ичели, ичели курдаштар
Дал ушундай тунук болсун турмушуң”.

Кыргыз акындары дүйн. адабияттагы анакреонтикалык поэзиянын салттарын өздөштүргөн жок, а балким тааныш да болгон эместир. Бирок сүйүү сезимин даңазалаган лирикалык ырларда кандай болбосун анакреонтикалык поэзиянын айкын, даана көрүнүштөрү болбой койбойт. А. Осмоновдун сүйүү лирикаларында кайгылуу, өкүнүчтүү мотивдердин кездешкенине карабастан, акындын ырларында аялды даңазалоо, сүйүү сезимин даңазалоо, жана аны адам турмушундагы эң негизги касиет катарында көрсөтүү эң күчтүү:

Сүйгүм келет жаш жандырып, жаш болуп,
Жашымды алдап, жаш кайыңдай мас болуп,
Жанар тоодой жалын чачкан отуңан,
Чыккым келет, жанып чыкан таш болуп.

Сүйгүм келет, миң мертебе жаңылып,
Сүйгүм келет, сүйгөнүмө жалынып,
Өз күчүңдү өз күчүмө багынтып,
Сүйгүм келет кээде өзүңө багынып.

Көпкөк асман, жерге түшсө жарылып,
Кыян түшсө жердин үстү тарылып.
Ал кыяндан өтөөр элем кыйналбай,
Бир көз караш кубатыңды жамынып.


Колдонгон адабият:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шериев Ж.. Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994