Анаксимандр

Wikipedia дан
Анаксимандр

Анаксимандр (Х.Т.ч. 610—546-ж. ченде) — байыркы грек философу, Милет мектебинин өкүлү.

Аны Фалестин жолдошу жана тууганы болгон деп айтышат. Ал «Жаратылыш жөнүндө» деген трактаттын автору деп эсептелинет, анда космогониянын, метеорологиянын жана билимдердин башка да натурфилософиялык тармактарынын маселелери каралат. Анаксимандр бардык нерселердин жаратылышынын булагы «суу» эмес, кандайдыр бир өзүнчө турган зат да эмес, ал өзү апейрон деп атаган чексиз, түбөлүктүү, айкын эмес бир неме. Бул алгачкы зат, апейрон, көөнө замандан бери Анаксимандрдын «баштапкы негизи» деп аталып келе жатат. Апейрон, «чексиз табият» жылуу жана суук, кургак жана ным сыяктуу карама-каршылыктарды пайда кылат, бул карама-каршылыктардан нерселер жаралат.

Aнаксимандр дүйнөдөгү бардык нерселер тынымсыз өзгөрүлүп жана агылып турат деп эсептейт. Анаксимандрдын көз карашынын өзгөчөлүгү дал мына ушундан көрүнөт, бул көз караш апейрондон пайда болуучу сансыз дүйнөлөрдүн жаралышы жана өлүшү жөнүндөгү окууда алда канча ачык-айкын айтылган. Феофраст мындай деп жазат: «Фалестин досу Анаксимандр жалпы нерселердин пайда болушунун жана кайрадан жок болуп турушунун ар кандай себеби чексиздиктин өзүндө. Дал ошол чексиздиктен, дейт ал, асман дүйнөсү жана жалпы эле сан жеткис бардык дүйнөлөр бөлүнүп чыккан. Алардын баардыгы пайда болгондон кийин бир кыйла узак мезгил өткөндө өлүп жок болот, анын үстүнө ошол бардык нерселердин мындай айланып (круговращение) турушу учу-кыйыры жок мезгилдер бою болуп келе жатат» [Маковельский А. Досократиктер. 1-бөлүк. Казан, 1914. 38-6.].

Анаксимандрдын космологиялык жана космогоникалык түшүнүктөрү чоң мааниге ээ болгон. Анын ою боюнча жер үстүндө суудан, абадан жана оттон турган кыртыштар бар. От кыртышы жарылганда күн, ай жана жылдыз шакектер пайда болот. Жер болсо колоннанын цилиндрлик бөлүгү сыяктуу кыймылсыз турат. Адамдар менен жаныбарлар соолуп калган деңиздин түбүндө пайда болуп, кургакка чыкканда азыркы түрүнө ээ болушкан. Анаксимандрдын көз карашында мифологиялык жана рационалисттик ой-пикирлер айкалышып турат.

Дүнүйөнүн системасы
Жердин картасы

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8