Анализдик тилдер

Википедия дан

Анализдик тилдер - сүйлөмдөгү сөздөр өз ара сөздөрдүн грамматикалык формалары менен эмес, аналитикалык формалар: предлог, артикль сыяктуу жардамчы сөздөр, сөздөрдүн орун алуу тартиби, интонация аркылуу байланышкан тилдер (мисалы, англис, француз, жаңы перс, болгар жана башка тилдер). Тилдерди аналитикалык жана синтетикалык деп бөлүштүрүү немец лингвисти А. Шлегель тарабынан алгач флексияланма тилдер үчүн сунуш кылынып, А. Шлейхер мындай бөлүштүрүүнү андан ары тереңдетүү менен агглютинативдик тилдерге карата да колдонгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1