Анамнез

Википедия дан

Анамнез — ден соолугу, жашоо шарты, башта кандай оору менен ооругандыгы жана башка жөнүндө оорулуу өзү же аны жакшы билген кишилер билдирген маалыматтардын жыйындысы. Врач бул маалыматтарды диагноз коюу жана дарылоо үчүн пайдаланат. Анамнезге — туура диагноз коюуга мүмкүндүк берүүчү изилдөө методунун бири. Азыркы учурда бул метод кеңири мүнөзгө ээ болууда. Себеби аллергиялык реакциялар, айрым дарыларды көтөрө албастык жөнүндөгү маалыматтардын мааниси чоң. Анамнезге оорунун башталышы, анын өтүшү жөнүндөгү оорулуунун даттануусу, оорулуунун турмушу, тукум куума оорулар, мурда ооруган оорулар, үй-бүлөлүк абалы, зыяндуу адаттар (ичкилик ичүү, тамеки тартуу), турмуш-тиричилик шарты жана башка жөнүндөгү маалыматтар кирет. Туура эмес маалыматтар диагнозду жаңылыш коюуга, натыйжада туура эмес дарылоого алып келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8