Анатолий Ставенков

Википедия дан

Ставенков Анатолий Васильевич (3. 12. 1896-ж. т., Могилёв обл., Быхов району, Косичи кыш. - 5. 1968, Москва) - советтик аскер начальниги, генерал-майор (1943).

  • 1932-жылдан КПСС мүчөсү.
  • Жарандык согуштун катышуучусу.
  • 1919-ж. Урал командирлик курстарды (1924, 1925, 1929), 1940- ж. К. Е. Ворошилов атындагы Генштаб академиясынын жогорку командирлер курамынын курсун бүткөн.
  • 1919-ж. Аткарск шаарында уюшулган өзүнчө Кыргыз атчандар полкунун 2-эскадронуна командир болгон.
  • 1929-ж. Орто Азияда басмачыларга каршы күрөшкөн.
  • 1941-жылга чейин полктун штаб начальниги, 1935-38-ж. 21-тоолук атчандар дивизиясынын кыргыз атчандар полкунун командири, дивизия командирине орун басар.
  • Улуу Ата Мек. согушта (1941-45) Сталинград, Борбордук, 1-Белорус фронтторунда атчандар дивизиясына, корпусуна командир, Москва жанындагы салгылашка, Варшава шаарын бошотууга ж. б. операцияларга катышкан.
  • 1946-49-ж. Кыргыз ССРинин, 1949-жылдан Сталинград облусунун аскер комиссары.
  • 1953-жылдан Белорус аскер округунун, 1955-жылдан аскерлердин Түндүк тобунун (Полыпада) штаб начальниги, 1957-жылдан запаста. Кыргызстан КП (б) БКнын мүчөсү (1938, 1947) жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин (1-2- шайл.) депутаты.
  • Үч Ленин ордени, 5 Кызыл Туу, 2-дараж. Суворов, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.