Анафилакция

Википедия дан
Анафилактикалык шоктун белгилери

Анафилакция — аллергендердин организмге бир нече жолу кирүүсүнөн (ичеги-карындан тышкары башка жол менен) пайда болгон аллергиялык реакциянын түрү (Аллергия). Анафилакция жалпы же белгилүү жерден (мисалы, териде) байкалат. Өтө күчтүү жалпы реакция анафилакциялык шок деп аталат. Аллергендер организмге биринчи жолу киргенде сезгичтиги жогору болгон кишилерде дары заттар, аарылардын чагуусу жана өсүмдүк чаңчаларынын организмге кайталап кирүүсү Анафилакция жана анафилакциялык шокту пайда кылат. Анафилакциялык шокто дем алуу өтө кыйындайт, кан басымы төмөндөйт, эстен тануу мүмкүн. Оорулуу шашылыш врачтык жардамга муктаж болот. Анафилакцияны алдын алууда дарыларды өз алдынча кабыл албоо керек. Дарыны врачтын көзөмөлүсүз кабыл алуу организмдин сезгичтигин жогорулатышы мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]