Анвар Байтур

Википедия дан
Анвар Байтур
Төрөлгөндөгү аты:

Асек Байтөрө

Ишмердүүлүк тармагы:

илимпоз, тарыхчы, окмуштуу

Туулган датасы:

1 -август 1938(1938-08-01)

Туулган жери:

Боздөң, Аксуу аймагы, Кытай

Жарандыгы:

 Кытай

Өлгөн датасы:

6 -январь 1991(1991-01-06) (52 жаш)

Өлгөн жери:

Анкара, Түркия

Анвар Байтур (01.8.1938 - 06.1.1991) — Кытайлык кыргыздардан чыккан кытайлык тарыхчы-этнограф, адабият таануучу, географ, окумуштуу.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анвар Байтур (азан чакыргандагы аты - Асек Байтөрө) 1938-жылы 1-августта Шинжаң Уйгур Автоном районунун Аксуу аймагына караштуу Көөнө шаар (Онсуу) ооданы Боздөң кыштагында малчынын үй-бүлөсүндө дүйнөгө келген. 1945-жылдан 1949-жылга чейин Боздөң кыргыз башталгыч мектебинде, 1949-жылдан 1953-жылга чейин Аксуу шаарындагы мугалимдерди даярдоо окуу жайында, 1953-жылдан 1956-жылга чейин Шинжаң институтунун тарых-география факультетинде окуган. 1956-жылдан 1962-жылга чейин Мамлекеттик Эл Курултайы Улуттар комиссиясы уюштурган Шинжаң аз сандуу улуттар коомун жана тарыхын текшерип изилдөө тобунда иликтөө жүргүзгөн, кыргыз, уйгур, казак, тажик, өзбек, татар сыяктуу аз сандуу улуттардын коомдук абалын, этнографиясын, тарыхын, тилин текшерип изилдөө кызматтарына катышып, 40тан ашык илимий макала жазып жарыялаган. Бул маселе боюнча өз изилдөөлөрүндө байыркы кытай, мусулман булактарын, советтик жана батыш илим адамдарынын эмгектерин натыйжалуу пайдаланган. Кыргыз этносу, анын келип чыгышы, калыптанышы, каада-салттары жана башка, өз пикирин берген. Автордун айрым эмгектери кириллицадагы кыргыз жазмасына которулган. Кытай Эл Республикасынын бир катар жогорку окуу жайларында кыргыз тарыхы, Шинжаңдын башка элдеринин тарыхы, этнографиясы, тили, адабияты боюнча курстарды окугандыгы белгилүү. Автордун эмгектеринин тыянактары төмөнкү эмгектерде чагылдырылган: Кыргыздардын кыскача тарыхы; Кыргыз тарыхынын лекциялары (1-2 китептер); Шинжаңдагы улуттар тарыхы; Чагатай жазуусу жана чагатай жазуусундагы чыгармалар

1980-жылдан баштап "Шинжаң менен ички өлкөлөрдүн тарыхый байланыштары", "Кыргыз адабиятынын жалпы абалы", "Кыргыздардын кыскача тарыхы" сыяктуу бир бөлүк китептерди жазып чыгарган.

1991-жылы 6-январда Түркиянын Анкара шаарында каза болгон. Айрым булактар киши колдуу болгонун, шек жаратаарын билдиришкен.

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анвар Байтур Жуңго Коомдук Илимдер Академиясы Улуттарды Изилдөө Институтунун доценти болуп, Жуңго Орто Азия маданиятын зерттөө коому, Жуңго улуттар тарыхын зерттөө коому, Жуңго байыркы улуттар тил-жазуусун зерттөө коому, Жуңго түркий тилдерин зерттөө коому , Жуңго "Жапайы адамдарды" зерттөө коому, Жуңго түндүк улуттар философия-идеологиясын зерттөө коому, Шинжаң дуншунастык зерттөө коому, Шинжаң кыргыз тил-адабият, тарыхын зерттөө коому сыяктуу коомдордун орунбасар башчысы, туруктуу мудурлар (мүдүрлөр - Ред. ) коллегиясынын мүчөсү, туруктуу мүчөсү, редколлегия мүчөсү сыяктуу милдеттерди аткарууда.

Ал кезекте талап боюнча Жуңго Коммунисттик партиясы Борбордук Комитети Жогорку партия мектеби, Борбордук Жаштар Ынтымак Кадрлар мектеби, Борбордук кадрларды тарбиялоо институту, Борбордук улуттар институту, Шинжаң университети сыяктуу жогорку мекемелерде Жуңго улуттарынын байланыш тарыхы, Шинжаң улуттар тарыхы, кыргыз тарыхы, уйгур тарыхы жөнүндө лекция сүйлөөдө.

"Кыргыз тарыхы лекциялары" деген бул илимий эмгек Анвар Байтурдун 1983-жылы Борбордук улуттар институтунун кыргыз сыныбында сүйлөгөн лекция тезиси болуп, тунгуч ирет басмадан чыгып эл менен жүз көрүшүүдө.

Кытай жергесинде 1986-жылы Шинжаң жаштар басмасы тарабынан бир кезде (1913-1915-жылдары) Осмоналы Сыдык уулу жазып чыгарган "Кыргызыйа", "Шадманыйа" деген эки китеп бириктирилип, "Мухтасар тарых Кыргызыйа" деген ат менен өзүнчө бир китеп болуп жарыкка чыккан. Китепти Анвар Байтур редакторлоп, "Кыргызыйа жана Шадманыйа жөнүндө" деп кириш сөз жазып, бул санжыранын баалуу жактары менен кем-кетиктерин көрсөтүп берген. Осмоналы Сыдык уулунун айтылуу бул эмгегинин экинчи өмүр сүрүшүнө, ал китептин көптөгөн окурмандарына кайрадан жетишине Анвар Байтурдун жасаган эмгеги өтө зор.

Чыгаан тарыхчы, белгилүү инсан, залкар окумуштуу Түркияга атайын чакыруу менен барып, кыргыз, уйгур, түрк элдеринин тарыхы боюнча лекция окуп жүргөн жеринен 1991-жылы дүйнөдөн кайткан. Байтурдун эмгеги менен тааныш ар бир окурман үчүн бул кайгылуу кабарды угуш оңой болгон жок. Өзгөчө, тарыхын жаңыдан иликтеп, изилдеп жаткан кыргыз эли үчүн орду толбос жоготуу болду. Деген менен анын калтырып кеткен колуңуздардагы ушул эмгеги тарыхыбыз үчүн табылгыс казына. Бул казынаны аздектеп, барктап алуу жеке эле тарыхчылардын гана эмес, атпай кыргыз журтчулугунун милдети. Бул эмгек биздин тарыхыбыздын башаты жана ар-намысы.

Ырас, китепте кандайдыр бир себептер менен түз айтуудан ийменип, кыйытып айтууга аракеттенген мисалдардын кездешерин, ошондой эле автор өзү эскерткендей айрым маалыматтардын тезис түрүндө гана берилгендигин эске алганыбызда андай мүчүлүштөрдүн шартка ылайык экендигинен улам болгондугун унутпашыбыз керек.

Кыргыз элинин тарыхын толук, так, туура жазып, аны мектеп окуучуларына, техникумдардын, жогорку окуу жайлардын студенттерине, жалпы эле коомчулукка сунуш кылуу милдети али алдыда турат.

Ал тууралуу эскерүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нурмамбет Осмон уулу (кытайлык кыргыз айдыңы)

"Кайран киши илим көгүндөгү кыргыздын нурлуу жылдызы эле. Улуттун жүгүн нардай көтөрүп, кыргыздын канча кылымдык тарыхын тактаган илмий эмгектери артында нур чачып кала берди..."

Кыскача чыгармалар тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1991-жылы Бээжинде "Улуттар басмасынан" жарык көргөн "Шинжаңдагы улуттардын тарыхы" деген 1316 беттен турган чоң көлөмдүү китеби чыккан. Аны Анвар Байтур жубайы Хайриниса Сыдык менен биргелешип жазган.

1986-жылы "Шинжаң Кызыл-Суу" басмасынан жарык көргөн "Кыргыз тарыхы лекциялары" деген китепти жарыялаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыздар. Он томдук жыйнак / Түзүүчүлөр Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев. - Бишкек: Учкун, 2004. - Т. 1-10. - ISBN 9967-413-89-1. * Кыргыздар. Он төрт томдук жыйнак / Түзүүчүлөр Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев. - Бишкек: Бийиктик, 2011. - Т. 1-14. - ISBN 978-9967-13-792-9. (Китептин жарыкка чыгышына демөөрчү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Карганбек Самаков.
  • Кыргыздардын улуттук маданияты: Тарых. Маданият. Мурас. Салт-нарк. Боордоштордун маданияты / Түз.: К.Жусупов, Ж.Бакашова, К.Иманалиев, М.К.Өмүрбай уулу; Редактору академик Абдыганы Эркебаев. - Б.: 2012. - 972 б. - ISBN 978-9967-26-570-7.
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Чороев Т.К. Кытайлык кыргыз тарыхчысынын чыгармачылыгы: (Анвар Байтурдун «Кыргыз тарыхы лексийаларына» жандырмак) // Кыргыздар: Санжыра, тарых, мурас, салт / Түзгөн Кеңеш Жусупов. — Бишкек: Кыргызстан, 1991. — 1-китеп. — Б. 294—305.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (ISBN 5-89750-028-2)
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003. - «Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети».
  • Чоротегин Т.К. Кытайлык кыргыз тарыхчысынын чыгармачылыгы: (Анвар Байтурдун «Кыргыз тарыхы лексийаларына» жандырмак) // Кыргыздар: Санжыра, тарых, мурас, салт / Түзгөн Кеңеш Жусупов. — Бишкек: Кыргызстан, 1991. — 1-китеп. — Б. 294—305.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]