Ангина

Википедия дан
Ангинадан боло турган кабылдоолордун схемасы (стрелка менен сезгенген бадам сымал бездери көрсөтүлгөн). Оорудан жабыркоого учурай турган органдар: 1— муундар; 2—жүрөк; 3—кулак (а — ортоңку, б — ички); 4— бөйрөк; 5—лимфа түйүндөрү.
Ангина: 1—соо көмөкөйдүн көрүнүшү (салыштыруу үчүн); 2-катардык ангина; 3—фолликулярдык ангина.

Ангина — катуу кармама жугуштуу оору.

Ангина тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анда негизинен, бадам сымал без сезгенип жабыркайт. Ангина — кеңири таралган оору, көбүнчө балдар, ошондой эле 35—40 жашка чейинки чоң кишилер ооруйт. Аны ар кандай микроорганизмдер, негизинен стафилакокк менен стрептококк пайда кылат. Алар организмге оорулуу пайдаланган түрдүү буюмдардан (мисалы, идиштен) жугат. Айрым учурларда ангинаны бадам сымал бездердин лакуналарында, ооз көңдөйүндө жана кулкунда дайыма жашоочу микробдор пайда кылат. Ал микробдор киши үшүп калса, өтө чарчаса, ар кандай оору менен ооруса, көбүнчө грипптен кийин организмдин коргонуу күчү начарлаганда ангинаны козгойт. Кээ бир кишилер балмуздак жеп, буту суу болуп же муздак сууга түшүп койсо ангина менен ооруп калышы мүмкүн. Мурун көңдөйүнүн жана анын кошумча коңулдарынын (мисалы, гайморит), ооз көңдөйүнүн (тиштин чириши) сезгенүүлөрү, ошондой эле аденоиддер, өнөкөт мурун бүтүү жана башка мурун менен дем алууну бузуучу оорулар ангина менен бат-бат ооруга түрткү берет. Балдардын скарлатинасынын чоң кишилердин ангинасы менен жалпы окшоштугу бар. Ангина күз жана кыш мезгилинде көп кармайт. Оору капысынан башталып, тамак кычышкансып, ачышкансып, эч нерсе жуткузбай ооруйт. Оорунун биринчи күнү эти ысып 38—39° С, кээде 40° Сге жетет, башы ооруйт, шалдырайт, чыйрыгат. Оорунун 2—3-күнү тамактын ооруганы күчөп, акырындап азаят. Ангина демейде 7—8 күнгө созулат. Ангина катардык (бездер сезгенип, кызарат), фолликулярдык (бездерди майда ириңдүү кебер каптайт) жана лакуналык (бездер бүт ириңдейт) болуп бөлүнөт. Көпчүлүк кишилерде ангина бир нече жылда бир кармайт. Тез-тез кармама ангина өнөкөт сезгенүү — өнөкөт тонзиллитке өтөт.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарылоону оорулуунун абалына жана ангинанын түрүнө жараша врач жүргүзөт. Күнүнө 5—6 жолу тамакты чайкоо зарыл. Ал үчүн бор кислотасынын 2%түү, суутектин өтө кычкылынын 3%түү, марганец кычкыл калийдин мала кызыл, риванолдун (1 стакан сууга бир таблетка) эритмелерин, ошондой эле ромашка менен шалфейди кайнатып колдонсо болот. Оорулуу төшөккө жатышы зарыл. Оорулууга витаминге бай, жылуу жана абдан эзилген тамак (сорпо, бышырып эзилген картошка, суюк ботко, кисель) берүү керек, ачуу жана катуу тамак жешке болбойт. Суюктукту (лимон салган чай, сүт, минерал суусу) көп ичүү сунуш кылынат. Оорулууну мүмкүн болушунча өзүнчө жаткырып, ага идиш-аякты, сүлгүнү бөлүп коюу зарыл. Тамактангандан кийин анын идишин жууп, 10—15 мин. кайнатуу, кийимдерин, шейшептерин өзүнчө жууп, үйдү таза кармап, желдетип туруу талап кылынат (Оорулууну багуу).
Шилекейди түкүрүү үчүн марганец кычкыл калийдин мала кызыл эритмеси куюлган идишти оорулуунун жанына коюу, оорулууну баккан киши колун бат-бат жууп, дезинфекциялоочу заттар (спирт, атыр жана башка) менен сүртүп турушу зарыл. Ангина — организмдин маанилүү органына жана системасына таасир этүүчү өтө катуу оору. Айрыкча балдарды ангинадан сактоо маанилүү. Врачка убагында кайрылбаса, анын көрсөтмөлөрүн так аткарбаса же өз алдынча дарыланса (Өзүн өзү дарылоо), ар кандай кабылдоолорго, нефрит, ревматизм жана башка дуушарлантат.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ангинанын алдын алууда системалуу түрдө организмди чыңдоочу чараларды (муздак суу менен сүртүнүү, куюнуу, аба жана күн ваннасы, спортко катышуу, таза абада сейилдөө жүргүзүү сунуш кылынат. Суукка урунуудан сактануу керек. Ангинаны алдын алууда ага түрткү берүүчү ооруларды өз убактысында дарылоо чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8