Андрон тарыхый-маданий бирикмеси

Википедия дан

Андрон тарыхый-маданий бирикмеси, андрон маданияты – коло доорундагы археологиялык маданият. Маданият Ачинскиге жакын жердеги Андронов кыштагынын аты менен аталган. Уралдан Енисейге, Иртыштын ортоңку агымынан Чыгыш Түркстанга чейинки аймакта таркаган тектеш маданият эстеликтери үчүн колдонулган шарттуу аталыш. Анын тургундары негизинен суу жээктериндеги турак-жайларда жашашкан. Кыргызстанда Андрон тарыхый-маданий бирикмесине тиешелүү эстеликтер, турак-жай орундары аз изилденген. Кетментөбө, Карабалта, Кайыңдыда табылган археологиялык маалыматтарга таянып, алардын тамак-ашынын мүнөзүн аныктоого болот. Палеозоологдордун эсеби боюнча Казакстанда изилденген эстеликтерде тамак-аштын 60–70%ин уй эти, 10%ин кой эти, 20–30%ин жылкы эти түзгөн. Чопо идиш калдыктарына карап сүт азыктарынын молдугу болжонот.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети”
  • “Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А. А Асанканов”
  • Ред. кеңеш: Ө.Ж Осмонов (төрага), Т.Н Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Жуманалиев ж.б.”