Анжиян 19-кылым

Википедия дан


Анжиан Көтөрүлүшү 19-кылым.

Бул көтөрүлүш 19-к-дын аягындагы Орто Азиядагы эң ири көтөрүлүш катары тарыхка кирген. Көтөрүлүштүн негизги себеби падышачылыктын өтөрчүл саясаты, орус админ-нын эзүүсүнүн, улуттук жана социалдык теңсиздиктин күчөшү болгон. Көтөрүлүшкө кыргыз, өзбек, тажик улутунун өкүлдөрү, калктын ар түрдүү социалдык катмарлары катышышкан. Кыймылга дин кызматкеринин жетекчилик кылышы, диний ураан, чыкырыктарынын бөлүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш болгон. Анткени бул чөлкөмдүн негизги калкы көп кылымдардан бери эле ислам динин тутуп, бул дин калктын калың катмарынын аң-сезимине терең сиңген. Көтөрүлүшкө катышкандардын бардыгы өздөрүн мусулманмын деп эсептешкен. Бул үчүн көтөрүлүштү реакциячыл кыймыл катары кароого эч негиз жок. Көтөрүлүш көпчүлүк элдин мүдөөсүн, кызыкчылыктын коргогон. Улуттук эзүүгө, теңсиздикке каршы багытталып, элдик, улуттук-боштондук мүнөздө болгон. Анжиян көтөрүлүшү 1898-ж. май айында башталган. 17-май күнү кечке маал Тажик (Миндөбө) кыштагына 200дөй өзбектер, кыргыздар чогулган. Бул көтөрүлүшчүлөргө ушул кыштактын эшени Мадали Дүкчи (ийикчи) эшен жана (Зиядин Магзуми) жолбашчылык кылышкан. Көтөрүлүшчүлөр эки топко бөлүнүп, Анжиянга бет алышып, калааны бөлөк аймактар менен байланыштырган телеграф зымдарын кыркып салышкан. Жолдон аларга Кутчу, Каракоргон кыштактарынын калкы да кошулат. Аз убакыттын ичинде көтөрүлүшкө чыккандардын саны 2000ге жеткен. Көтөрүлүшчүлөрдүн биринчи тобуна Мадали эшен, экинчисине 80 жаштагы молдо Зиядин жетекчилик кылышкан. Түнкү саат үчко жакын көтөрүлүшчүлөр Анжиянга келишип, 20-Түркстан линиялык батальонунун эки ротасы турган лагерге кол салышкан. Бирок күчтөр тен эмес эле. Курал жарагы начар көтөрүлүшчүлөр мыкты даярдыгы бар, жакшы куралданган орус аскерлеринен жеңилип, чегинүүгө мажбур болушкан. Айыгышкан кармашта 20дан ашуун падыша солдаттары жана офицерлери өлтүрүлгөн. Көтөрүлүшчүлөр да көп жоготууларга учурап, Карадарыядан өтүп, Хакимабадка чегинишкен. 20-майда Анжияндан 90 чакырым алыстыктагы Чарбак кыштагында көтөрүлүштүн жолбашчысы Мадали колго түшүрүлүп, 12-июнда даргага асылган. Көтөрүлүш токтобостон Фергана өрөөнүнө жыйылган, Ага Анжиян, Маргалаң, Ош жана Наманган уезддеринин калкы жигердүү катышкан. Көтөрүлүштү басуу үчүн Түркстандын аскер күчтөрүнүн атайын кошуундары арбын жөнөтүлгөн. Бардыгы болуп 777 киши камалып, 415и сот жообуна тартылган. 18 киши дарга асылып, 362 адам өлүм жазасынын ордуна узак убакытка сүргүнгө айдалган. Сүргүнгө айдалгандардын 106сы кыргыздар болгон. Жеңилип калганына карабастан бул көтөрүлүш падышачылыктын Түркстандагы өтөрчүл, улутчул саясытына каршы багытталган алгачкы күрөш болгон. Көтөрүлгөн эл көз карандысыздык үчүн күрөшкөн. Жеңилгенине карабастан элдин эркиндикке болгон умтулуусу күчөгөн.