Анкилостомидоздор

Википедия дан

Анкилостомидоздор — кишинин ичегисинде мителик кылуучу анкилостомидалар пайда кылуучу оору.

Анкилостомидоздор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анкилостомидоздор тропик жана субтропик климаттагы өлкөлөрдө кездешет. Мелүүн климаттуу өлкөдө жер алдында; ысык, ным жерде иштеген кишилер (шахтёрлор, туннелде иштеген жумушчулар жана башка) ооруйт.

Анкилостомиданын ургаачысы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анкилостомиданын ургаачысы адамдын ичегисинде күнүнө 6000— 10000 жумуртка тууйт. Бул жумурткалар адамдын заңы менен айлана чөйрөгө тарайт. Ал жерде ным жана температура жетишерлик болгондо 24 сааттын ичинде личинкага айланат. Бул личинкалар менен булганган жашылча, мөмө-жемиштер жана башка тамак-аш менен ооз аркылуу ичегиге кирет. Ичке кирген личинка 8—10 жумада чоң куртка айланып, ичегинин былжырлуу челин жаралап, канды соруп азыктанат.

Анкилостомидоздор ооруган киши[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ооруган киши канын жоготуп, тамак сиңирүүсү бузулуп, алсырап, башы ооруп, зарна болуп, кусат. Балдардын өсүшү, акыл-эси начар өөрчүйт. Дарт заңдан митенин жумурткасын табуу менен аныкталат.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарылоо ооруканада жүргүзүлөт.Анкилостомидоздордун алдын алууда анкилостомида жуккан кишини эртерээк таап дарылоо, булганган жерлерди зыянсыздандыруу, тамак-ашты тазалыкта сактоо, өздүк гигиена эрежелерин кармоо зор мааниге ээ. Анкилостомидоздор болгон аймакта жашылча-жемиштерди ысык суу менен жууп пайдалануу, огороддо, бакта иштегенден кийин колду таза жуунуу зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8