Ансельм Кентерберийлик

Википедия дан
Ансельм Кентерберийский.

Ансельм (10331109) — алгачкы схоластиканын эң ири өкүлү. 1093-жылдан тарта архиепископ Кентерберийлик. Ал «Монолог» (1076), «Ой жүгүртүүлөргө кошумча» (10771078), «Грамматика жөнүндө диалог», «Эмне үчүн Кудай адам болуп саналат» (1094—98) жана башка трактаттарды жазган. Ансельмди тирүү кезинде эле кадыр-барктуу ойчул катарында «экинчи Августин» деп аташкан.

Христиан философиясынын негизги проблемасын — диний ишеним менен акыл-эстин өз ара катыш проблемасын Ансельм Августиндин духунда чечет, ал диний ишенимди акыл-эс аркылуу даңазалайт. Ал диний ишеним-билимдин өбөлгөсү деген: ал ишенүү үчүн ой жүгүртпөйт, түшүнүү, аңдап-билүү үчүн ишенет. Адегенде ишеним, андан кийин гана ишеним менен алдын ала аныкталып коюлган ой жүгүртүүнүн, аңдап-билүүнүн диалектикалык чеберчилиги турат. Башкача айтканда акыл-эс Ансельмдин пикири боюнча өзүнүн рационалдуу каражаттары аркылуу диний ишенимди актоо үчүн жашап турат.

Ансельм кудай тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рационалдуу ой жүгүртүүлөрдүн жардамы менен Ансельм Кудайдын бар экендигин, ошондой эле дүйнөнү жоктон бар кылып Кудайдын жараткандыгы, жандын өлбөстүгү жана эркиндиги жөнүндөгү идеяларды камтыган чиркөө догматтарын жана башка диний ишеним формулаларын негиздөөгө аракеттенет.
Өзүнүн баардык далилдөөлөрүндө Ансельм нерселерге чейин бир гана жалпы нерсе болгон деп эсептеген реализмдин негизги жоболоруна таянат. Бул жобо мурда эле Платон тарабынан иштелип чыгып, андан ары неоплатонизм жана патристиканын кээ бир өкүлдөрү, атап айтканда Августин тарабынан өнүктүрүлгөн. Ансельм, жалпы негиз дегенибиз — бул обьективдүү, түпкү нерсе жана ал заттардан тышкары жана ага чейин жашаган жана жашай берет, ал эми айрым жеке заттар — жалпы нерседен жаралгандар деп эсептеген ашкере реализмдин позициясында турган. Неоплатонизмдин негизинде пантеисттик концепцияны өнүктүргөн Эриугена, ошондой эле Августин да ашкере реализмдин позициясында турушкан. Августиндин позициясы андан ары Ансельм тарабынан иштелип чыккан.

Түшүнүктөрдүн реализми — бүткүл христиан философиясы менен теологиясынын зарыл керектүү бөлүгү, мунун жардамы менен христиан диний окуусунун негизги диний догматтарын далилдеп, негиздейт. Алсак, Адам-атанын эң туңгуч күнөөсүнүн бүткүл адамзатка өтүп кеткендигинин себеби Адам-атада адам тукумунун жаратылышына мүнөздүү жалпы касиет бар болгон. Ошондой эле үчилтикжөнүндөгү догматда да бир эле учурда Кудай-ата, Кудай-уул, Кудай-ыйык рух болуп үч бейнеде көрүнө турган теңирлик маңыздын бар экендиги айтылат.

Түшүнүктөрдүн ашкере реализми Ансельм тарабынан Кудайдын бар экендигин далилдөө үчүн колдонулат, бул төмөнкүдөй ой-жүгүртүүдөн көрүнөт: Кудай жөнүндөгү түшүнүк теңирчиликтин өркүндөп турарына жол бергендиктен, демек Кудай жашап бар болуп туруу касиетине ээ болууга тийиш, эгер тескерисинче болгондо анда бул түшүнүк «Кудай» деген түшүнүк катарында кабыл алынбас эле. Кудайдан башка жана андан жогору турган ой-жүгүртүүгө татыктуу эч нерсе жок, демек Кудай бар. Кудай жана анын өркүндөгөндүгү жөнүндөгү түшүнүктөн анын бар экендигине алып келген мындай рационалдуу ой-жүгүртүү ашкере реализм түшүнүктөрүнүн алкагында гана өзүнө негиз таба алмак. Кудайдын бар экендигин мындайча далилдөө онтологиялык далилдөө деп аталат жана ал кийинчерээк Кант тарабынан четке кагылган, ал бар болуу предикат болуп саналбайт, анткени өркүндөгөн нерсе катарында өзүнүн предикаты бар кайсы бир жандуу нерсе жөнүндөгү идея атрибуттарынын бири бар болуу (жашоо) болгон жандуу нерсенин идеясы боло албайт деп көрсөткөн.

Кудайды онтологиялык жол менен далилдөөгө Ансельмдин замандаштарынын бири-монах Гуанило каршы чыккан, ал түшүнүктөрдөн жашап турууга (бар болууга) алып баруучу ой-жүгуртүүнүн багыты жаңылыш, анткени мындай болгондо ар кандай ойдон чыгарылган нерсенин жашап турушун (бар болушун) далилдөөгө болот. Мисалы, эгерде бар болууну (жашап турууну) анын өркүндөгөнүнөн алып келип чыгара турган болсок анда дүйнөдө эң сонун аралдын бар экендигин далилдөөгө болор эле.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]