Ант

Wikipedia дан

Антсөзгө, ишке, кыймыл-аракетке бекем туруу убадасы. Ант жоопкерчиликте, достошууда, жашырын иштерде колдонулат. Антты бузуу жүзү каралык, наадандык катары каралган. Эл ичинде «Ант урсун» деген каргыш өкүм сүргөн. Антташууда кылычтын мизин өөп: «эгерде Антты бузсам, көк кирип, кызыл чыксын» деп убадалашкан. Эгерде антты аткарууга көзү жетпесе андай адам ант берүүдөн качкан.

"Манас" эпосундагы ант түшүнүгү[оңдоо]

Ант — эч качан бузулбас, салттык ыйык убада-бүтүм, шерт, касам. Ант жоокерчиликте, достукка бекем болууда, ар кандай жашыруун ишти аткарууда берилген. Байыркы кыргыздарда баатырлар элдин эркиндиги, намысы үчүн жоого каршы аттанарда жан аябаска, максатты орундатууга, шартты бузбоого ок тиштешип же кылычтын мизин өбүшүп ант беришкен. Магиялык касиети бар катары аксак. сары атты ортого коюп достошуу салты болгон. Эпосто Манас менен Алмамбеттин ортосундагы достуктун негизинде дал ошондой антташуу жатат. Бул мотив эпостун «Семетей» бөлүгүндө генеологиялык принципте Семетейдин энеси Каныкейдин эмчегин Күлчоро, Канчоро эмишип туугандашуусу (побратимство) аркылуу улантылат. Эпосто антташып достошуу салты башка көптөгөн каармандар ортосунда да жүрөт. Манаска келип кошулган баатырлардын бардыгы ант берип достошкондугу жөнүндө сөз болот. Алар «адам өлөөр шерт кылып, убаданы бек кылып» макулдашканда «төбөсү ачык көккө, төшү түктүү жерге», асмандагы ай, күнгө, караңгы түнгө жана өзүлөрү урунган жоо куралдарына сыйынышып ант беришкен. Мындай антты жеке оң каармандар эмес, терс каармандар да (мисалы, Манаска каршы кутум уюштурган алты кан, Семетейге каршы күрөшкөн Чынкожо менен Толтой, Канчоро менен Кыяс) өздөрүнүн чыккынчылык, жүзү каралык жашыруун иштерин жүргүзүү үчүн беришкен. Каармандардын бул түрдөгү эпикалык антынан алардын жомоктун чыгыш доорунда же андан мурун да, кийинчерээк да, көп кудайлуу диний ишенимде болгондугун жана сөздүн магиялык күчүнө ишенгендигин көрүүгө болот. Эпостогу баатырлар достошкондо салт боюнча боз бээ союп, канына колдорун матырып, «эгер арабыздан чыр-чатак чыгарсак, бузулушсак так ушул ак боз бээдей мууздалып калалы», же убаданы бузган ушул жаш чыбыктай кыркылсын дешип ант беришкен, «Манастагы» ант берүү салты ислам дининин талабына жараша «кудайга» сыйынууга багытталбастан, көбүнчө жаратылыш көрүнүштөрүнүн (Көккө, Айга, Күнгө, Жерге, тоого, сууга) жана жоокердик курал-жарактардын касиети менен байланышкан. Эпосто мусулман дининин таасири менен келеме шарип (куран) кармап антташуу да айрым варианттарда жолугат.

Адабият[оңдоо]

  • Кыргыз тарыхы.Энциклопедия. Бишкек, 2003
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети”
  • “Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А. А Асанканов”

Ред. кеңеш: Ө.Ж Осмонов (төрага), Т.Н Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Жуманалиев ж.б.”

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4

Интернеттик шилтемелер[оңдоо]