Антикалык көркөм искусство

Википедия дан

Антикалык көркөм искусство, байыркы дүйнөнүн көркөм искусствосу – (лат. antiguus – байыркы) – Жер ортолук деңизинин жана жакынкы Азия өлкөлөрүндө (Греция жана эллиндик мамлекеттер, Рим респ-касы жана б. з-дын 1–миң жылдыгынын 1-жарымындагы Рим империясы) этаптарды басып өткөн өнүккөн көркөм искусство. А. к. и. архаика, классика, эллинизм, Рим көркөм   искусствосу сыяктуу негизги этаптарын басып өткөн. Төртүнчү этап бир нече стадияларга бөлүнөт жана респ-калык Римден баштап, Рим империясынын кризис дооруна чейинки мезгилди өз ичине камтыйт. А. к. и-сунун эң жемиштүү учуру жана ошону менен бирге анын негизги тенденцияларына мүнөздүү көрүнүш биздин заманга чейин V–VI к-дардагы грек классикасынын мезгили болгон. Бул учурда коомдун саясый формасын демократиялык кул ээлөөчүлүк полис – эркин атуулдардын коллективи башкарган шаар-мамлекет түзгөн. А. к. и-сунун негизин жана арсеналын грек мифологиясы же Маркс айткандай «элдик кыялдануунун (фантазиянын) аң-сезимсиз көркөм образында иштелип чыккан жаратылыш менен коомдук формалар» түзгөн. Кудайлардын жана мифологиялык каармандардын образында грек сүрөтчүлөрү руханий дүйнөсү менен дене сулуулугу айкалыша өнүккөн кайраттуу адам – атуулдун идеалын чагылдырышкан. Мына ушул эстетикалык идеалдын астында бүткүл көркөм искусствонун башка түрлөрү өнүккөн. Скульпторлукта А. к. и-нун сүймөнчүлүктүү образы – кемтиксиз адамды чагылдырган статуянын тиби үстөмдүк кылган; адам денесинин пластикалык (ийкемдүү) көркөмдүгү байыркы скульпторлор тарабынан чоң чеберчиликте берилген. Вазопистин кээ бир түрлөрүн, римдик мезгилге таандык фреска менен мозаиканын кээ бир үлгүлөрүн эске албаганда, ба­йыркы живопись дээрлик сакталган эмес. Бирок адабий булактарга караганда ал эллинизм доорунда жогорку деңгээлде өнүккөн. Императордук Римдеги А. к. и. грек көркөм искусствосунун эркиндикти сүйүүчү граждандуулугун жогото баштаган жана тоң, официалдуу формага айланган. Ошону менен бирге жекече психологияга болгон кызыгуу күчөгөн, скульптуралык портрет өнүгө баштаган. Батыш Рим империясынын кулашы жана кул ээлөөчүлүк түзүлүштүн кыйрашы менен А. к. и. бүткөн, бирок анын салттары бүткүл дүйнөлүк көркөм маданиятты байытты. Бул айрыкча Кайра жаралуу көркөм искусствосунда абдан байкалды. А. к. и. Жер ортолук деңизинин жана Алдыңкы Азия элдеринин ошол мезгилдеги бүт маданият тарыхын (дегеле бүткүл тарыхты) өз ичине камтыйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]