Антиномия

Wikipedia дан

Антиномия (гр. antinomia – логикада бирдей эле далилдене турган эки мыйзамдагы карама-каршылык, ой пикирдин ортосундагы карама-каршылык.

Антиномия термини баштапкы юридикалык мааниге ээ болгон жана эки мыйзамдын ортосундагы карама-каршылыкты же өзүнчө мыйзамдын ички карама-каршылыктарын түшүндүрөт. 1-кылымда бул терминди көрсөтүлгөн мааниде Квинтилиан, а кийинчерээк – Гермоген, Плутарк, Августин ж. б. колдонушкан. Юстиниандын кодексинде качан мыйзам өзүнөн-өзү карама-каршы чыккан учур каралганда ушул «коллизия» деген аталышты алган. Антиномия термини Р. Гокленцустун «философиялык сөздүгүндө» (1613) кездешет.

Табигый теологияга Антиномияны Ш. Бонне киргизген (18-к.)Антиномиянын философиялык мааниси Канттын «Таза акылдын сынында» (1781) эмгегинде алдыңкы орунга ээ болот. Аристотелдин айтуусу боюнча, Антиномия дүйнө бирдиктүү бүтүндүк катары ой жүгүртүү аракетиинде адамдын акыл-эсинде пайда болот. Антиномия жөнүндөгү Канттын окуусу диалектикалык логиканын фундаменталдык өбөлгөсү катары немис классикалык идеализми тарабынан ар тараптуу өнүккөн. Гегелдин диалектикасында Антиномия түшүнүгү карама-каршылыктын синтетикалык түшүнүгү болуп кайра түзүлөт.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]