Антитоксиндер

Википедия дан

Антитоксиндермикроорганизмдердин, өсүмдүктөрдүн (рицина, абрин) жана жаныбарлардын (жыландын, кара курттун, аарынын) ууларын зыянсыздандыруучу өзгөчө заттар (антителолор). Ар бир антитоксиндердин өзүнө гана тиешелүү таасири болот, башкача айтканда кайсы уунун таасиринен пайда болсо ошону гана зыянсыздандырат (мисалы, кептөөрдү пайда кылуучу козгогучтун уусу дифтерия антитоксини менен жоготулат). Медициналык практикада антитоксиндер антитоксиндүү кан сары суусу түрүндө кептөөр, дизентерия, гангрена, ботулизм, скарлатина жана башка ооруларды дарылоо жана алдын алуу үчүн кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8