Антоним
Wikipedia дан
Антоним (гр. – карама-каршы ат) – карама-каршы маанидеги сөздөр же сөз айкаштары. Мисалы,
Аргымактын куйругу –
Бирде жибек, бирде кыл.
Азаматтын жакшысы –
Бирде мырза, бирде кул.
(Алдаш Белек уулу)
Контексттен белгилүү болгондой, бул жердеги Антонимдер: жибек – кыл, мырза – кул. Өзгөрүлмөлүү жана карама-каршылыктуу турмуш көрүнүштөрүн ар тараптуу көркөм ачык берүүдө антонимдер поэтикалык каражат катары кеңири колдонулат.
Колдонулган дабияттар. [оңдоо]
- Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004
- Сөз жасоонун жолдору