Антранил кислотасы

Википедия дан

Aнтpaнил кислотасы, аминбензой кислотасы, H2N-C6H4-COOH - органикалык бирикме. Түссүз кристалл, молдук салмагы 137,13, балкып эрүү t 144-145°C; жегичтерде жана минералдык кислоталарда жакшы эрийт; диссоцация константасы Кк та=1,07-10-5 (25°C). Aнтpaнил кислотасы фталамиддин жегич эритмесине натрий гипобромитинди же гипохлоритинди таасир кылуудан алынат. Уксус кислотасынын эритмелеринде Cd, Co, Cu, Ni, Zn, Mo, Pb, Hg менен начар эрүүчү комплекстүү бирикмелерди пайда кылат. Aнтpaнил кислотасынын бирикмелери боёгуч заттарды жана синтездик жыпар жыттуу заттарды өндүрүүдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]