Анын акыркы саламы

Википедия дан
Анын акыркы саламы
Баяндама
Нукура аталышы His Last Bow
Сүрөтчүсү Пэджет, Сидни
Өлкөсү Бирдиктүү Падышалык
Тили Англис тили
Сериясы Шерлок Холмс
Жанры детективдүү адабият,
аңгеме
Медианын түрү Китеп
Беттери 305
ISBN NA
Мурункусу Коркунуч өрөөнү
Кийинкиси Шерлок Холмстун архиви

«Анын акыркы саламы» (англ. His Last Bow) — биринчи жолу 1917-жылы жарыкка чыккан Артур Конан Дойльдун сегиз детективдүү аңгемесин камтыган жыйнак. Британиялык басмасында сегиз аңгемени, ал эми америкалык басылма өзгөчөлөнүп жети аңгемени камтыйт. Америкалык басылмада «Картон кутусу» аңгемесин «Шерлок Холмстун эскерүүлөрү» жыйнагына киргизилген. 1908-1913 жылдары жарыяланган аңгемелерди, жана 1917-жылы жаратылган аңгемесин камтыйт. Алгач жыйнак «Reminiscences of Sherlock Holmes» деп аталып, «Анын акыркы саламы» аңгемесин камтыбаган. Ал аңгемени кошкондон кийин аталышы да өзгөртүлгөн.

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аңгеме Оригинал аталышы Окуя убакыты Чыккан жылы Эскертүү
1 «Вистерия-Лодж окуясы» The Adventure of Wisteria Lodge 1892, марттын аягы 1908 Шерлок Холмс циклынын ичинен полиция кызматкери акылдуу жана тапкыч катары көрсөтүлгөн жалгыз аңгеме.
2 «Картон кутусу» The Adventure of the Cardboard Box 1888, август (болжолдуу) 1892 Первоначально входил в сборник Алгач «Шерлок Холмстун эскерүүлөрү» жыйнагына кирген, британиялык басылмада, анан америкалык басылмада «Анын акыркы саламы» жыйнагына киргизилген. Ошондон бери «Анын акыркы саламы» жыйнагына кирет.
3 «Кызыл шакек» The Adventure of the Red Circle 1902 (болжолдуу) 1911
4 «Брюс-Партингтондун чертёжу» The Adventure of the Bruce-Partington Plans ноябрь 1895 1912
5 «Сыщик өлүм алдында» The Adventure of the Dying Detective 1890, ноябрь (болжолдуу) 1913 Холмс кылмышкерлерди кармаш үчүн, алардын деңгээлине чейин түшүп, калп өлүм алдында турган адам болгон жалгыз аңгеме.
6 «Фрэнсис Карфэкс айымдын жоголуусу» The Disappearance of Lady Frances Carfax болжол менен 1901 1911 Каармандар Англиядан тышкары чыккан аңгемелердин бири. Ватсон Лозаннага, Баден жана Монпельеге барат.
7 «Шайтан буту» The Adventure of the Devil's Foot март, 1897 1910 Холмс кылмышкерди бийликке берген жок.
8 «Анын акыркы саламы» His Last Bow август 1914 1917 Баяндоо үчүнчү адамдан жүргүзүлгөн эки аңгеменин бири. Алгач бул аңгеме Reminiscences of Sherlock Holmes деп аталган жыйнакка кирген эмес. Аңгеме жазылып, жыйнакка кошулгандан кийин жыйнктынн аты да өзгөртүлгөн.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]