Апаз Жайнаков

Википедия дан

Апаз (Апас) Жайнаков (1960-жыл, 6-март, Баткен району, Орто-Боз айылы — 2013-жыл, 9-октябрь) - обончу, КРдин эл артисти (1995). 1981–83-ж. Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын алдындагы 2 жылдык студияда, Б. Бейшеналиева атындагы КМИИде окуган. 1995–97-ж. Баткен элдик театрын жетектеген. 2001–06-ж. К. Скрябин атындагы Агрардык университетте маданият таануу кафедрасында иштеген, 2006-жылдан Баткен облусу театрынын директору[1].

50дөн ашык лирикалык, патриоттук ырлардын автору, айрыкча «Кыргыз жери», «Өрүкзар», «Өзгөчөм», «Ак гүлүм», «Бийге чакыруу», «Кыргызымдын сулуу кыздары» жана башка чыгармалары белгилүү. 1988-ж. Польшада өткөн Фольклордук топтордун бүткүл дүйнөлүк эл аралык фестивалынын лауреаты, республикалык «Студенттик жаз» фестивалдарынын, конкурстардын жеңүүчүсү[1].

Обончу жана аткаруучу. Учурда Ош мамлекеттик университетинин музыка факультетинде эмгектенет. Анын эң белгилүү ыры Түмөнбай Байзаковдун сөзүнө жазылган “Кыргыз жери” деген ырга жазылган обону. Обончунун андан башка, “Өрүкзарга кетели” жана "Аман жар" сыяктуу чыгармалары бар.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1