Апокопа

Википедия дан

Апокопа - сөз аягындагы бир же бир нече тыбыштын түшүрүлүп айтылышы. Бул кубулуш көбүнчө башка тилден өздөштүрүлгөн сөздөрдө кездешет. Мисалы, дайыма-дайым (ар.), минута-мүнөт (ор.), секунда-секунд (ор.), август-авгус (ор.), далбаса-далбас (ир.) ж.б. Төл сөздөрдө сөз аягындагы үнсүздөрдүн түшүрүлбөй да, түшүрүлүп да айтылган учуру катар колдонулат. Телчик-телчи, ал-а, тигил-тиги, атайын-атайы, бул-бу, калдырт-калдыр, ж.б.