Апория

Википедия дан

Апория (гр. aporia – айласыз абал, кыйналуу) – тажрыйба, байкоонун натыйжалары менен аларды ой-жүгүртүп анализдөөнүн ортосундагы карама-каршылыктар менен байланышкан таатаал чечмеленүүчү көйгөй.

Апорийлердин көп түрдүүлүгү байыркы грек философу Зенон Элейскийдин окуусунда, б. а. Ахилл менен ташбаканын, жаанын жебесинин мисалында көрсөтүлгөн. Зенондогу Апория реалдуу кыймылды математикалык туюнтуунун салыштырмалуулугунун жана карама-каршылыктуулугун билдирген. Апория дайыма каалаган предметтин өзүндө, аны туюнтуучу түшүнүктөрдө карама-каршылыктардын болушунун натыйжасында көйгөйлөрдүн чечилишинин мүмкүнсүздүгү, эч бир жол жок абалдын көрүнүшү.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]