Арал

Википедия дан
Мадагаскар.

Арал - кургактыктын төрт тарабы суу менен чулганган бөлүгү. Материктен чаканыраак болот. Топтошуп жайгашкан аралдар архипелаг деп аталат (мисалы, Малайя, Канадалык Арктика архипелагдары жана башка). Пайда болушу боюнча материктик (материктен бөлүнүп калган), жанар тоо жана коралл (шуру) аралдары болуп бөлүнөт. Дарыялар менен көлдөрдө арал шилендилерден жана эрозиянын аракетинен пайда болот. Дүйнөдөгү ири (400 миң км2ден ашкан) аралдар: Гренландия, Жаңы Гвинея, Мадагаскар, Калимантан, Баффин Жери жана башка.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]