Аристотель

Wikipedia дан
Aristoteles Louvre.jpg

Аристотель (грекче: Ἀριστοτέλης Aristotélēs) (б.з.ч. 384 — б.з.ч. 322 жылдар) — грек философу, Платондун окуучусу, Улуу Искендердин устаты. Ал ар түрдүү чөйрөсүндө илимий иштерди жазган, ошонун ичинде физика, метафизика, акындык өнөр, театр, музыка, логика, чечендик өнөрү, саясат, өкмөт, этика, биология жана зоология.

Сократ жана Платон менен бирге Аристотель батыш философиясынын эң маңызды, анын негизин калоочу тұлғалары катары караштырылат. Ахлақ, эстетика, логика, илим, саясат жана метафизика сыякту маселелерди камтыган эң алгачкы жан-жакты философиялык тутумду қурған — Аристотель. Аристотельдин физикалык көзкараштары ортакылымдык илимнин калыпташуусуна чоң таасир этип, анын ықпалы Агарту дооруна чейин созулду. Биррк кийин ал азыркы заманкы физикага орун берүүгө мажбур болду.
Аристотель боюнча ар бир конкреттүү сезимдик нерсе «материя» менен «форманын» биримдигинен турат. Аристотель «форманы» нерсенин маңызы деп түшүнөт. Форма ошол эле учурда материалдуу эмес, бирок ал материяга карата алганда кандайдыр бир сыртта турган бир деме да эмес. «Нерселердин курамы» материя менен формадан турат. Ар бир нерсе толук калыптанып бүткөн материя катарында көрүнөт. Мисал катарында жез шарды алса болот, бул шар түрүндөгү (форма) жез (нерсе) экөө биригип бир бүтүн материяны түздү. «Форма» менен «материянын» карама-каршылыгы Аристотель үчүн салыштырмалуу. Жез бир предметке (мисалы, шарга) карата алганда материяны түзөт, башка бир предметке (мисалы, физикалык элементтерге) карата алганда форманы түзөт. Жез калыптанган бир бүтүн буюм болбошу мүмкүн, бирок ал ошол эле учурда потенциалында мүмкүндүк катарында форманы камтып турат. Б.а. форма-материяда камтылып турган мүмкүндүктүн ишке ашкандыгы. Мына ошентип, Аристотелде материядан формага жана формадан материяга салыштырмалуу өтмөлүк пайда болот. Форманын бул иерархиясы эң жогорку «формага» алып келет, бул эң акыркы форма жана андан ары форма да, материя да болбойт. Эң акыркы форма — бул түпкү кыймылдаткыч, же Кудай. Мына ошентип, Аристотелде материя менен форма бир бүтүндүктү түзөт, кубулуштардын өз ара байланыштарын, өнүгүшүн болсо ал материянын калыптанышы катары түшүнөт.
Аристотель себептердин төрт түрү жөнүндөгү оригиналдуу окууну иштеп чыккан. Ал себептердин төрт түрүн айырмалайт: 1) материалдык себеп же материя; 2) формалдуу себеп же форма; 3) жаратуучу себеп; 4) түпкү же максаттык себеп. Материалдык себеп — бул материя, ал «нерселердин курамына кирген материалды билдирет, бул материалдан нерселер жаралат» [Аристотель. Метафизика. V, 2, 1013а24—1013в21]. Формалдуу себеп дегенибиз форманын таасири аркылуу материя чындыкка айланат. Жаратуучу себеп — нерселерди жарата тургандар. «Алсак, мисалы, кеңеш берген адам ошол кеңештен кийин иштелип жаткан иштин себепчиси, ал эми өзгөртө турган нерсе өзгөрүп жаткан нерсенин себепчиси болуп саналат» [Ошонун өзүндө]. Максаттык себепти Аристотель кандайдыр бир максат үчүн кандайдыр бир нерсе иштелип жатат деген мааниде түшүнөт. «Мисалы, сейилдөөнүн максаты-ден соолук». Аристотелдин себептер теориясы ал өзү келтирген мисалдар менен түшүндүрүлүшү мүмкүн: архитектор үй куруп жатат, бул учурда материалдар — материя, үйдүн планы — форма, архитектор — жаратуучу себеп, ал эми курулуп бүткөн үй — түпкү максат болуп саналат.
Материя менен форманын өз ара катыш маселесинде материяны пассивдүү жана формасыз, ал эми форманы — активдүү, аракетчил деп эсептейт. Форма ошентип бытьенин маңызына айланды. Анын үстүнө форма активдүү, ал эми материя пассивдүү болгондуктан форма материядан мурда жүрө турган негиз катарында каралган.
Форма менен материянын өз ара катыш проблемасы философияга мүмкүндүк жана чындык деген эки өтө маанилүү түшүнүктү киргизди, бул түшүнүктөр философиянын андан аркы өнүгүшү үчүн зор мааниге ээ болду, анткени аларды колдонуу жаралуу проблемасын чечүүгө мүмкүндүк берди, бул учурда жаралуу (пайда болуу) нерселердин конкреттүү өзгөчөлүктөрү менен түшүндүрүлөт. Бул категориялар кыймылдын булагы нерселерден тышкары эмес, дал ошол нерселердин өзүндө камтылып турат деп каралууга тийиш экендигин көрсөттү. Жаратылыш Аристотель үчүн мүмкүндүктүн чындыкка айланышы катарында көрүндү. Жаратылыштын жашоосун ал адамдын ишмерлиги менен окшоштурат, скульптор чулу мрамордон фигура жасап, мрамордогу мүмкүндүктү чындыкка айландыргандай, жаратылышта да уруктагы мүмкүндүк өсүмдүктөрдө чындыкка айланарын көрсөтөт. Аристотель материяны «биринчи» жана «акыркы» деп ажырымдатат. «Биринчи» материя ар кандай бытьенин негизи, ал ар кандай чындыкка айлана ала турган мүмкүндүк гана, бирок ал өзү чындык болуп саналбайт, ал ойдо гана жашайт жана бар болуунун потенциалдуу өбөлгөсүн түзүп турат. «Биринчи» материядан айырмаланып, «акыркы» материя кайсы бир форманын мүмкүндүгү жана ошол эле убакта чындык да болуп саналат, анткени бул материя белгилүү бир белгилерге ээ жана ал жөнүндө белгилүү бир түшүнүк жаралып, айтылышы мүмкүн. Мурда каралып өткөн мисалда мындай «акыркы» материя болуп жез жана шар эсептелинет.
Материя, форма жана себептер жөнүндөгү жогоруда каралган маселелер кыймылсыз жана өзгөрүлбөс негиздер жөнүндөгү жана алардын кыймыл менен болгон байланышы жөнүндөгү окуу катарында биринчи философия деп аталган тарабын камтыйт. Бул маселелер Аристотель тарабынан анын «метафизикасында» каралат, эмгектин мындай аталышы кокустан, Аристотелдин чыгармаларынын тизмесин түзгөн Андроник Родосскийдин жыйнагында бул эмгек «физикадан кийин» тургандыктан ушундайча аталып калат. Бирок «метафизика» деген сөз жүрө-жүрө физика тарабынан аңдалып-билинбей турган бытьенин принциптери жөнүндөгү б.а. башка бир философиялык жоболор негизделип чыгарыла турган абстрактуу, онтологиялык жоболор жөнүндөгү окуу катарында өзгөчө мааниге ээ болот. Натурфилософия, физика жаатында көптөгөн баалуу жана маанилүү нерселер иштелип чыккан, бирок физика биринчи философиядан ачык чек менен бөлүнгөн эмес. Аристотелдин физикасы азыркы түшүнүктөгү физика эмес, ал жаратылышты түшүнүү менен тыгыс байланышкан ошол эле жалпы философиялык маселелер, б.а. натурфилософия. Конкреттүү физикалык маселелер Аристотель тарабынан «Метеорологика», «Пайда болуу жана жок болуу жөнүндө» ж.б. трактаттарында каралат.

Акт жана Потенция[оңдоо]

Акт жана Потенция (мүмкүндүк жана аныктык) – Аристотелдин философиясындагы маанилүү түшүнүк.

Өзүнүн акт жана потенция окуусу менен Аристотель онтологияга өнүгүү принцибин киргизет. Акт жана Потенция түшүнүктөрүнө «кыймыл» түшүнүгү сыяктуу эле так, бекем аныктама берилбейт, бирок техноморфтук жана биоморфтук аналогиянын жардамы менен аныкталат. Аристотелдин айтуусу боюнча, аметрия - бул таза потенциалдуулук, ал эми форма, эйдос-буюмдардын актуалдуулугу (энергия же энтелехия). Аристотель тарабынан биринчи жолу киргизилген Акт жана Потенциянын оппозициясы «пайда болуу» анализи үчүн андан кийин «кыймылдын» башка түрлөрүнө көчүрүлөт. Энергия (актуалдуулук) убактылуу онтологиялык жана аксиологиялык примат менен мүнөздөлөт.

Актуалдуу түшүнүгү эки мааниге ээ:

Аристотель психологияда «жанды» энергияга болгон акт катары аныктайт. Акт этикада (энергия) «ыракаттын» аныктамасы катары кызмат кылат. Акт жана Потенция неоплатонизм, андан ары орто кылымдагы философия тарабынан өздөштүрүлгөн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]