Арман

Википедия дан

Арман — кыргыз оозеки адабиятында кеңири тараган лириканын бир түрү. Анда укуксуздуктун, эрксиздиктин, теңсиздиктин натыйжасында келип чыккан каармандын күйүтү, муң-зары, капалыгы, нааразылыгы, каршылык көрсөтүүсү билдирилет. Кыргыздарда, айрыкча кедей-кембагалдар, адам катары саноого арзыбай келген кыз-келиндер узун сабак арман ырларын жаратышкан.

Кызыл-кызыл көзүнүн, Көрпөсү элем ой-дай.

Кыз да болсом бир үйдүн, Эркеси элем ой-дай.

Эркеликке койбоду, Малга сатты, ой-дай

сыяктуу тагдырдын бейкүнөө кордугуна дуушар болгон кыз-келиндер тарабынан «Кыз Кенжекенин арманы»,
«Чалга берген кыздын арманы», «Насыяга кеткен кыздын армандары» жаралган.
Арман жанрын өркүндөтүудө элдик ырчылардын ролу чоң болгондугу Тоголок Молдонун чыгармачылык өмүрүнөн жакшы белгилүү.
Элдик акындарда арман мүнөзүндөгү ырлар арбын кездешет. Токтогул, Барпыларда арман жанр катары кадыресе жашоосун уланткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]