Арпа, тоо

Википедия дан
Арпа.

Арпа-ТооИчки Теңир-Тоонун түштүк-батышындагы кырка тоо. Арпа өрөөнүн Алабуга – Нарын өрөөнүнөн бөлүп, кеңдик багытта созулуп жатат. Батышында Фергана тоо тизмегине туташат. Узундугу 110 км, туурасы 16 км. Орточо бийиктиги 4000 м, эң бийик чокусу 4737 м. Тоонун түштүк капталы тик, кыска түндүгү айдөөш-жантайыңкы. Чыгыш тарабын (Бешталаа, Ортосырт) кайнозойдун борпоң тектери каптап жатат. Тоонун морфо структурасы – горст-антиклиналь, түштүк жана түндүк этектери тектон. жаракалар менен чектешет.

Арпа капчыгайы (Кептеш) Жамантоонун батышынан өтүп, аны Фергана тоо тизмегинен бөлүп турат. Тоо девондун аягы – карбондун башталышында пайда болгон, калыңдыгы 1300 мге чейин жеткен акиташ теги, доломит, кумдук, сланец, конгломерат, пермдин 1000 м калыңдыктагы слюдалуу жана полимиктүү кумдук, чополуу сланец тектеринен турат. Ортоңку бөлүгү жана түндүк капталдары мөңгүлүү. Тоонун түштүк капталынан Сокурбулак, Кожогул, Бураначап, Үчарча, Жамандаван, Кошчапсуу, Арпанын кашкасуусу, Борлуу, Миңбугу, Кызкоргон (Арпанын оң куймалары), түндүгүнөн Ичкашкасуу, Сырткашкасуу (Алабуганын куймалары), башталат. Күнгөй беттерине субальп жана альп талаасы, тескей беттерине токой аралаш шалбаалуу талаа жана альп шалбаасы, 3600 мден жогору нивалдыкгляциалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]