Артериит

Википедия дан

Артериит—(греч. ἀγγεῖον — тамыр) артерия капталынын сезгениши. Артерииттин катуу кармама жана өнөкөт түрү бар. Катуу кармамаартериия жугуштуу ооруларда (баш келте, ич келте, сепсис, грипп жана башка) кезигет. Мында артерия капталынын серпилгичтиги жана булчуң талчалары бузулат, капталга жабышкан тромб пайда болот. Ириңдүү артериит абдан коркунучтуу, анда артерия капталы чирип, айрылат же аневризмага учурайт. Өнөкөт артериит туберкулёз, котон жара, карындын жара оорусу жана башка ооруларда байкалат. Дарылоону врач жүргүзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8