Археология сүйүүчүлөрдүн Түркстан ийрими

Википедия дан

Археология сүйүүчүлөрдүн Түркстан ийрими 1895-жылы 11-декабрда чыгыш таануучу, академик В.В.Бартольддун жана Ташкендеги эркектер гимназиясынын директору Н.П.Остроумовдун демилгеси менен Орто Азияда ачылган илимий коом.1917-жылга чейин Орто Азиянын археолегиянын, материалдык маданиятынын тарыхын окуп-үйрөнүү, байыркы эстеликтерди сактоо боюнча иш жүргүзгөн.

Ийрим жыйналыштарын Түркстан генерал-губернаторунун резиденциясында өткөргөн; жер-жерлерден алынган байыркы эстеликтер тууралуу маалыматтар, тарых, археологияга байланыштуу илимий ачылыштар табылгалар тууралуу ой-пикирлер талкууланган, чет элдик илимий коомдор менен байланыш түзүшкөн. Басма беттерине макала жарыялашкан.

Ийримде улуу державалык шовинизм идеяларын тараткан барон Б.А.Вревский, Сибирь, Жетисуу, Фергана аймактарын славяндардын байыркы бабаларынын жери, сакмассагеттер славяндардын бир тамыры, чыгыш элдеринин тамыры арий-славяндарынан тараган деген пикирди айткан. В.М.Флоринский Түркстанга келүү менен орус падышачылыгы славяндарды байыркы мекенине алып келүүдө деген идеяны тараткан. Ийримдин «Протоколы заседаний и сообщений членов Туркестанского кружка любителей археологии» аттуу журналы чыгып турган.

1919-жылы ийрим Россия география коомунун Түркстан бөлүмүнө секция катарында кирген. Ийрим ачылгандан кийин, 1896-жылы Таластагы биринчи байыркы түрк руна жазуусу тууралуу Олуя-Ата уездинин начальниги В.А.Каллаур кабар берген. 1903-жылы 15-январда ийрим Н.Г.Хлудовдун Саймалы-Таш жөнүндө алгачкы билдирүүсүн угуп, И.Т.Пославский ошол эле жылы Фергана тоо кыркасынын Көгарт ашуусундагы Саймалы-Таш сүрөт галереясын изилдеген.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхы.Энциклопедия. Бишкек, 2003
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А. А Асанканов”
Ред. кеңеш: Ө.Ж Осмонов (төрага), Т.Н Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Жуманалиев ж.б.”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]