Арчачыл мүйүз куйрук

Википедия дан

Арчачыл мүйүз куйрук (Urocerus sah), (Mocsary, 1881) - Зоогеографиялык изилдөөлөр үчүн жаныбар жана бул тукумдун республикадагы фаунасынын төрт өкүлүнүн бири катары аймактык генефондду сактоо аспектисинде мааниге ээ . Айрым адистер тарабынан U. sah тын статусун U. augur (Klug, 1803) түрчөсүнүн рангасына төмөндөтүлүшү биологиялык жактан негизделбегендик катары бааланууда.

Larva

Түрдүн жетилген стадиясынын сырткы түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мүйүз куйруктар тукумуна мүнөздүү түр. Жумуртка салгычын эсепке албаганда, ургаачыларынын денесинин узундугу 20–40 мм ди түзөт, жумуртка салгычы курсакчасынан бир аз узун, канатынын арышы 40–52 мм. Денеси кара түстө, биринчи эки сегменти текши, 8-сегментинин арткы четинен башка бөлүгү, акыркы сегментинин учу жана анын өзүндүсү сары же кызыл-сары түстө. Мурутчалары жана буттары кызгылтым-сары, канаттары саргылтым. Эркеги бир жарым эсе кичине, ал да кара түстө, курсакчасынын ортосу сары-күрөң, мурутчалары каралтым, канаттары күңүрт-боз, сары кошумча түсү жок.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атлас тоолору, Кичи Азия, Крым, Кавказ, Копетдаг, Батыш Тянңшанң, Гиссар-Алай, Батыш Памир ; Түндүк Америкага алып барылган . Кыргызстанда Бешарал (Чаткал кырка тоолору) жана Сарычелек коруктарында, Түркстан жана Алай кырка тоолорунун түндүк капталында , Кыргызата дарыясынын капчыгайында , Фергана кырка тоосунун түндүк капталында кездешет.

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Деңиз деңгээлинен 1200–2300 м бийиктик алкактарында өскөн арча токойлорунун төмөнкү жана ортонку тилкелери.

Саны абдан аз.

Жашоо тиричилиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Juni perus semigl obosa Regel . , J. tu rkestanica K om., жана J. seravschanica Kom. арчаларынын абдан алсызданган, куурап бараткан жана жаңы кыркылган дарактарында, ошондой эле, диаметри 20–50 см болгон арчанын дүмүрлөрүндө жашашат. Личинкаларынын тал-теректердин жыгачында жашары жөнүндөгү маалыматтар так эмес. Жылына бир муун берет, жетилген стадияларынын активдүү тиричилик аракети төмөнкү зонасында июндун 3чү декадасында башталып сентябр айына чейин созулса, ал эми ортонку зонада октябрга чейин созулат. Ургаачылары өздөрүнүн жумурткаларын аба ырайы ачык, шамалсыз күндөрү, түштөн кийин, дарактын көлөкө тарабына ташташат . Жумуртка тобу 2–3 даана жумурткадан туруп, 10–14 мм тереңдикке жайгаштырылат. Эмбриологиялык фазасы 12–15 күнгө созулат. Личинкалык жолдору ар кайсы тарапка багытталып, ичи бургу уну менен толтурулган.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экологиялык нишасындагы конкуренттери болуп Semanotus semenovi Okun., Ant haxia conradt i Sem., Phioeosinus t u rkest anicus Sem. ксилофаг көңуздары эсептелет . Душмандарына курт-кумурска жечү канаттуулар, энтомофаг курткумурскалар кирет. Оорулары изилденген эмес. Арчачыл мүйүз куйруктун популяцияларынын санынын кыскарышы арча токойлорунун аянттарынын азайышынан келип чыгышы мүмкүн.

Көбөйтүү (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдо асыроо жүргүзүлгөн эмес.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атайын коргоо иш-чаралары жүргүзүлбөгөн. Жашаган жерлери Сарычелек жана Бешарал коруктарында коргоого алынган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Арча токойлорунун төмөнкү жана ортонку тилкелеринде диаметри 20–50 см болгон 3–5 дарактан турган абдан алсызданган, куураган, кар сындырган, шамал жыккан жана таш кулоосунан сынган арчалардан турган токой участокторун коргоого алуу абзел.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

III категория (LR-nt). Тиричилик чөйрөсү кыскарып бараткан табигий сейрек түр.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]