Арык бука

Википедия дан

Арык-Бука - (туулган жылы белгисиз - 1265/66) - моңгол башкаруучусу. Чыңгыз хандын уулу Тулуйдун он баласынын алтынчысы (Муңкэ, Хубилай, Хулагу, Арык-Бука ж. б.). Улуу хан Муңкэнин (1251-59) тушунда кыргыздар жашаган Саян-Алтай, Моңгол Алтайы, Чыгыш Теңир-Тоо аймактары Арык-Буканын башкаруусу алдында болгон. Муңкэ хан өлгөндөн кийин (1259), бүткүл моңголдук тактыны ээлөө үчүн Муңке хандын бир туугандары Арык-Бука менен Хубилайдын ортосунда күрөш жүргөн. 1260-64-ж. хандык тактыны убактылуу ээлеген Арык-Бука ушул эле мезгилде Кытайда бийликке келген Хубилай менен Чагатай улусун ээлөө үчүн күрөш баштаган. 1260-ж. күзүндө Хубилайдан жеңилип, анын аскерлери кыргыздардын аймагына качып келген. 1262-ж. Арык-Бука өз аймагындагы элдерден, анын ичинде кыргыздардан түзүлгөн кошуунга таянып, Теңир-Тоодогу Чагатай улусунун башкаруучусу Алгуга (Чагатайдын небереси) каршы жортуул жасаган. 1264-ж. Арык-Бука Кытайда моңголдук Юан династиясын негиздеген Хубилай ханга (1260-94-ж.) баш ийээрин билдирген. 1266-ж. дүйнөдөн кайткан. Ушул доордон тартып чыгыштагы (Түштүк Сибирь, Моңгол Алтайы) кыргыздар Юан династиясына (1260-1368-ж.) карап калышкан, ал эми батыштагы Теңир-Тоо аймагы 1269-жылдан Хайду мамлекетине караган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1