Асаналиев Кеңешбек

Википедия дан

Асаналиев, Кеңешбек (1928–2007) - адабият таануучу, сынчы. Сокулук районуна караштуу Саз айылында 1928-жылы туулган. 1946-жылы орто мектепти, 1950-жылы Кыргыз мамлекеттик пединститутунун тил-адабият факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

К.Асаналиев 1950-жылы Ленинград шаарындагы «Пушкин үйү» деп аталган орус адабияты илим-изилдөө институтунун аспирантурасында окуп, «Т.Сыдыкбековдун чыгармачылыгы боюнча илимий иликтөөсүн 1953-жылы ийгиликтүү коргогон.

1953-1955-жж. Кыргыз илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун илимий кызматкери, кенже илимий кызматкери, 1955-1963-жж. директордун орунбасары, 1963-1976-жж. улук илимий кызматкери, 1976-1981-жж. Кыргыз совет адабияты секторунун башчысы, 1992-1994-жж. Айтматов бөлүмүнүн жетекчи илимий кызматкери, 1994-1996-жж. Көркөм маданиятты изилдөө борборунун башкы илимий кызматкери, 1995-1996-жж. Чыгыш өлкөлөрү бөлүмүнүн башчысы, 1965-1966-жж. Педагогика институтунда илимий кызматкер, 1996-2007-жж. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде профессор, Кыргыз тилин жана адабиятын орус мектептерде окутуу кафедрасынын башчысы болуп иштеген.

Басма сөз беттеринде 70тен ашык сын макалалары, 16 монографиясы жарыяланган жана орто мектептердин 10–11-класстары үчүн кыргыз адабияты боюнча окуу куралын жазууга катышкан автор.

1956-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

К.Асаналиев филология илиминин доктору (1990), профессор (2005). Ал кыргыз улуттук адабият таануусуна зор салым кошкон. «Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу» (2004), Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Түгөлбай Ата коомунун сыйлыгынын ээси, Эл аралык коомдук Айтматов академиясынын ардактуу академиги (1994-ж.) болгон, К.Асаналиев «Ардак белгиси» ордени (1986), «Даңк» медалы (2001) менен сыйланган.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Монографиялары, сын жыйнактары жана окуу китептери:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз совет прозасынын очерки: 1-бөлүм. – Ф.: Кыргыз ССР илим-дер академиясынын басмасы, 1957.– 112 б.

Кыргыз совет прозасын очерки: 2-бөлүм. – Ф.: Кыргыз ССР илимдер академиясынын басмасы, 1960. – 104 б.

Адабият таануу терминдеринин кыскача сөздүгү (Р.З.Кыдырбаева менен). – Фрунзе: Илимдер академиясы, 1961. – 120 б.

Түгөлбай Сыдыкбеков: Чыгармалары жөнүндө очерк. – Фрунзе: Кыргыз мамлекеттик басмасы, 1962. – 98 б.

Көркөм бийиктиктер: Сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 240 б.

Тоголок Молдо: Чыгармачылык портрет. – Ф.: Мектеп, 1975. – 75 б.

Өрдөн өргө: Адабий сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1977. – 212 б.

Доор менен бирге: Адабий сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 232 б.

Тандалмалар: Макалалар жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 332 б.

Кыргыз совет адабиятынын тарыхы. – Ф.: Илим, 1987. – I том. – 821 б.

Көркөм нарк: Адабий сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 236 б.

Кыргыз совет адабиятынын тарыхы. – Ф.: Илим, 1990. – II том. – 694 б.

Айтматов кечээ жана бүгүн: Кош тилдүү чыгармачылык жана көркөм ойлоо маселеси. – Бишкек, 1995. – 154 б.

Кыргыз адабияты: Орто мектептин 10-классы үчүн. – Бишкек: Кыргызстан, 1996. – 360 б.

Кыргыз адабияты: Орто мектептин 11-классы үчүн окуу китеби. – Б.: Педагогика, 2000. – 288 б.

Кыргыз адабий илиминин терминдер сөздүгү (Р.З.Кыдырбаева ме-нен). – Б., 2004. – 572 б.

Адабий айкаш: Эскерме баян. – Бишкек, 2008. – 312 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Романы Тугульбая Сыдыкбекова. – Фрунзе: АН КР, 1956. – 100 с.

Открытие человека современности: Заметки о творчестве Чингиза Айтматова. – Фрунзе: Кыргызстан, 1968. – 152 с.

Движение во времени: Портреты, полемика, заметки, критические миниатюры. – Фрунзе: Кыргызстан, 1978. – 276 с.

Шекер и космос (Ч.Айтматов: художественная семантика образов). – Бишкек, 2001. – 346 с.

Айыл Шекер и космос/Ч.Айтматов: художественная семантика обра-зов. – Бишкек, 2004. – 304 с.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]