Асан Кайгы

Википедия дан

Асан Кайгы — XIII-XIV кылымдарда Алтын Ордого караштуу бир катар элдерде (кыргыз, казак, каракалпак, ногой) орток ойчул, акылман, сынчы, гуманист-философ акын Өмүр бою элдин муңун муңдап,зарын зардап жүргөндүктөн, Асан кайгы аталган.

Асан кайгынын чыгармачылык өнөрканасын, акындык өзгөчөлүгүн мүнөздөй турган ырлар кыргыз, казак, ногой, каракалпак элдеринде аз да болсо сакталып калган. Айрым ырлары 1912-ж. Оренбургда чыккан жыйнакка кирген. Асан кайгы кыргыз фольклорундагы маалымат боюнча 14-15-кылымдардын аралыгында, Алтын Ордонун ханы Жаныбектин мезгилинде жашаган. Айрым чыгармаларынын ногой, казак, каракалпак, кыргыздарга бир башаттан тараганына караганда булар бир эл катары биригип турган мезгилде жашаган деген ойду жаратат. Казак адабиятчылары акындын ата-тегин тактоого көп аракет кылышкан, бирок анын өмүрбаяны аңыз кепке айланып кеткен. Бизге акылмандын чыгармалары уламыш жана үзүндү түрүндө келип жеткен. Ошондон улам кыргыз адабиятында оозеки чыгармачылыктын атактуу өкүлү, калк кыялынын туундусу катарында каралат. Уламыштарда Асан кайгынын замандаштары Жээренче Чечен, Акыл Карачач, Толубай сынчы, Токтогул ырчы, Алдар Көсөө болгондугу айтылат. Ч. Валиханов аны «көчмөн элдердин философу» деп атаган. Асан кайгы элдин камын ойлоп, «кой үстүндө торгой уялаган», малга жайлуу, адамга сыйлуу конуш издеп, Едилден тартып Талас, Нарын, Аксай, Атбашыга чейин барган экен. Акыры Ысык-Көлдү жактырып, аны конуштап калып, өлөр алдында айткан керээзи боюнча сөөгү Ысык-Көлдүн адам баспай турган бир аралына коюлган деп айтылат.



Бай-бай оокат ай,
Жок болсо мал кыйынын кантейин,
Табылбаса нан кыйынын кантейин,
Ажал жетип өлгөнчө, аманат чиркин,
Жан кыйынын кантейин!
Аргымакка миндим деп,
Арткы топтон адашпа.
Күнүндө өзүм болдум деп,
Менменсинип адашпа.
Артык үчүн айтышып,
Досторуң менен санашпа.
Илимим журттан ашты деп,
Кеңешсиз сөз баштаба.
Жеңемин деп бирөөнү,
Жалгаң менен коштобо.

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Асан Кайгы. Санаттары, термелери. Жерге берген сыны -Кыргыз поэзиясынын антологиясы. 1 т.(жеткиликсиз шилтеме)

Асан кайгы санат ырлары

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1