Аскаридоз

Википедия дан
Ascaris lumbricoides.

Аскаридоз (адамдын) - адамдын жана кээ бир жаныбарлардын жумуру курттар — аскаридаларды чакыруучу мите оорусу.

Аскаридалар кишинин ичегисинде мителик кылат. Ургаачысынын узундугу 25—40 см; эркеги — 15—25 см. Ургаачысы ичегиде суткасына 200 миңге чейин жумуртка тууйт, ал оорулуунун ичегисинен заң менен сыртка чыгат. Сырткы чөйрөдө жумуртканын өөрчүүсү ыңгайлуу шартта, кычкылтек жетиштүү, нымдуу топуракта (24—26°Сда) 24—25 күнгө созулат. Аскариданын жумурткасы сырткы чөйрөдө кыштап чыгуусу мүмкүн (кар алдында —30° температурада). Мелүүн климаттык зонада алар 20 см тереңдикте 5—7 жылга чейин сакталат.

Аскариданын жетилген жумурткасы менен булганган жашылча, жемиш, мөмөлөрдү жегенде, кээде кайнатылбаган сууну ичкенде жугат. Адамдын ичегисинде тамак менен кирген жетилген жумурткада личинка пайда болот. Личинка ичеги капталынын былжыр челин тешип, вена кан тамырына өтүп, кан агымы менен жүрөккө, өпкөгө, андан өпкө альвеоласын тешип бронхторго келип, дем алуу жолдору аркылуу ооз көңдөйүнө келет. Ооздон шилекей менен кошо жутканда кайрадан ичегиге келип, жетилген аскаридага айланат.

Аскаридоздун өтүшү миграциялык — личинкасы ичегиге 2-жолу түшкөнгө чейинки жана ичегидеги болуп эки стадияга бөлүнөт.

  1. стадиясы көбүнчө билинбей өтөт. Кээде дене ысып, жөтөлөт, бөрү жатыш чыгышы мүмкүн.
  2. стадиясында оорулуунун жүрөгү айланат, ичи толгоп ооруйт, шилекейи агып, тамакка табити тартпайт, башы айланып ооруйт, бат чарчайт. Балдар уктап жатканда тишин кычыратат; деми кысылат, бронхит, аз кандуулук пайда болот.

Аскаридоз өтө коркунучтуу кабылдоолорго алып келиши мүмкүн. Аскарида өт баштыгына, өт жолуна кирсе ириңдүү холецистит, боордун абсцесси, перитонит; уйку безинин түтүгүнө өтсө — катуу кармаган панкреатит; ичегини бүтөп калса ичеги өткөөлсүздүгү жана башка пайда бөлөт.

Аскаридоздон дарылоону врач жүргүзөт. Врачка кеч кайрылганда дарылоо узакка созулат. Кабылдап кеткенде (перитонит, ичеги өткөөлсүздүгү, ириңдүү холецистит) хирургиялык операция жасалат. Аскаридозду жугузуунун негизги булагы — адамдын заңы менен булганган топурак, кир кол, жуулбаган жашылчалар, мөмө-жемиштер, ошондой эле булганган суу ж.б.

Аскаридозду жугузуунун негизги булагы-өздүк гигиенанын эрежелерин жана даараткананы таза сактоо.

Аскаридозду жугузуп алуудан сактануу - жашылча-жемиштерди чийки жээрден мурун таза жууп, кайнак суу менен чайкоо. Балдарды кичине кезинен гигиеналык адатка (колду жууганга, колун оозуна салбоого жана башка) үйрөтүү.

Аскариданы Чыгару Абдан кыйын, Аскариданы аста алып өзгө тартыш керек. Бирок! АБДАН АСТА ТАРТЫШ КЕРЕК же Аскарида үзүлүп кетүшү мүмкүн

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1