Аскер куралы

Википедия дан

Аскер куралыКуралдуу Күчтөрдүн аскер кызматкерлерине – согуштук, укук коргоо орган кызматкерлерине – ыкчам-кызматтык, КР аскерлешкен кызматтарынын кызматкерлерине – кызмат милдеттерин аткаруу үчүн берилген курал. Ошондой эле куралдардын чет элдик армиянын жана чет өлкөлүк аскерлешкен уюмдардын карамагында турган жана туруучу ушундай түрлөрү. Аскер куралы менен куралдануунун, аскер куралынын жана анын ок-дарыларынын жүгүртүлүшүнүн тартиби, ошондой эле аскер куралын пайдаланууга укуктуу мекемелердин тизмеси КР Өкмөтү тарабынан аныкталат.[1]


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7