Ассоциациялык образдар

Википедия дан

Ассоциациялык Образдар (лат. – биригүү) – адабият жана исскустводо бир каарманды, же көрүнүштү ачып берүү үчүн экинчи бир каарманды, же көрүнүштү пайдалануу, бири-бирине жакын болбогон нерселер окшотулат, мисалы, троптун бардык эле түрү ассоциациялык образга жатат. Мисалы,

...Күбү, күбү жалбырагың дарак, тек!
Учур, учур! Ушул жарык дүйнөгө,
Жыйнаш эмес, корош үчүн келгенбиз,
Тар көрүндүк, бар көрүндүк кимдерге?!
Күүлө, күүлө, термет, терек, боюңду!
Жашоо деген селкинчектей оюндур.
Өйдө кеткен, ылдый кеткен күндөрдө,
Жапыс болдук, бийик болдук кимдерге?!

(С. Акматбекова) 

Бул ырда адам менен дарактын образдары, алардын тагдырлары ассоциацияланып көрсөтүлүүдө. Ч. Айтматов Эдигей менен Каранарды, Танабай менен Гүлсаратты салыштырып ассоциациялык образ жараткан.


Колдонулган дабияттар.[түзөтүү | булагын түзөтүү]