Астана

Wikipedia дан
Республика Казакстандын борбор шаары
Астана
каз. Астана
Ak Orda Presidential Palace04.jpg
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Казакстан
Ички бөлүнүшү 3 аймак
(Алмата, Сарыарга, Эсил)
Аким Имангали Нургалиевич Тасмагамбетов (2008-жылдан)
Негизделген 1830-жыл
Биринчи белгиленген 1830-жыл
Аймагы 722 км²
Климатынын тиби кескин континенталдуу
Расмий тили Казак тили
Калкы 743 014[1] адам
Этнохороним астаналык
Телефон коду +7 7172
Почта индекси 010000
Расмий сайты http://www.astana.kz
 (казак.)  (орус.)
##Астана (Казакстан)
Red pog.png

Астана (каз. Астана — Казакстандын борбор шаары (Бештин айынын 10, 1997-жылы), 2009-жылдвны 1-Баш оона айында калкынын саны 665,8 миңге барабар. Өлкөдөгү үч эң ири шаарлардын тизмесинде 3-чү (Алмата менен Чымкент шаарларынан кийин). Астанын мурунқу аттары - Акмолинск (1830-1961), Целиноград (1961-1992), Ақмола (1992-1998). Астана Ишим дарыянын нугунда, Нурага жакын жерде, жайгашкан.

Тарыхы[оңдоо]

Шаардын жайгашкан жери - кербен жолдордун өтө (стратегиялык) кирешелүү кесилиши, мурунтан бери талаадагы көчмөндөрдү өзүнө тарткан. Шаардын четинде археологтор коло, эрте темир доорлоруна жана орто қылымдарга таанык артефактыларды табышкан. Эң негизги артефактылардын бири - Бозок (шаар), эрте орто кылымдардан (VII-VIII кк.) баштап Казак хандыгы дооруна (XV-XVI кк.) чейинки эстелик.

Шаардын пайдубалы 1830-жылы (Акмолинск атту) казак (орус дөөлөтү учурунда) сепил катары коюлган. Түптөгөн - полковник Федор Кузьмич Шубин, Бородино согушунун қатышуучусу. Кийинчерек кичи сепил шаарга чейин ирилешип кеткен. 1997-жылга чейин Акмола атка ээ болгон. "Ақмола" сөзү казак тилинен "Ак мүрзө" же "Ак мазар" деп которулат. Шаардан 20 чакырымда ал менен бир атту жергеси, жергиликтү бийдин мүрзөсү болгон жер. Борбордун ордун алмаштыруу учурунда шаардын атын да Астанага алмаштыруу чечим кабыл алынган (анын сөзмө сөз которулушу "башкы шаар").

Казакстандын биринчи борбору Оренбург шаары (бүгүнкү күндө Орусия Федерациясынын қурамында) болчу, кийинчирек 1925-жылы Кызыл-Ордого которулган. 1929-жылы республиканын борбору кайрадан которулган, эми Алматыга. 1997-жылдын Үчтүн айынын 10 Астана Казакстандын борбору катары расмий түрдө жарыяланды. Астанын дүйнөлүк коомчулукка жаңы борбор катары 1998-жылдын Қулжа айынын 10 таанылган.

Бүгүнкү күндө Астана бул 200 чакырымдан ашкан аянты менен өтө ири шаар. 1999-жылы ЮНЕСКОнун чечими менен Астана "Дүйнөнүн шаары" наамы берилген. Борбор шаар болгондон жана "Астана - жаңы шаар" атту өзгөчө үнөмдүк (экономикалық) майдан уюштурулгандан соң шаарда бир канча жаңы-заманбап архитектурдук мекемелердин қурулуш долбору иш жүзүнө ашырыла баштаган. Калктын саны 270 миңден (1996) 600 миңге (2006) өскөн.

Борбор шаар наамына карабастан Казакстандын мурунқу борбору, Алмата, азыркыга чейин инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрү боюнча Астанадан кем эмес. Азырқы учурда Алмата "Түштүк борбор" бейрасмий наамга ээ.

Экономика[оңдоо]

Шаардын чарбачылык өнүгүшүнө, 1931-1936-жылдары курулган Караталы атту темир жолу чоң таасирин берген. Астана борбор боло электе Казакстандагы эң ири айыл-чарба унааларды чыгарган өнөр жайы - "Целинсельмаш", жана "Казахсельмаш" (мурунқу КСРБнин 50-жылдыгынын заводу) шамал эрозияланган аймактарга атайлашкан айыл-чарба унааларда адистенген ишканасы. Андан тышкары башка өнөр жайлар бар: "Металист", насостуқ, вагон оңдотуу жана башка унаа жана темир иштетүүчү өнөр жайлар.

References[оңдоо]

  1. Численность населения РК по областям, городам и районам