Астигматизм (ден соолук)

Википедия дан

Астигматизм (гр. а ж-а stigme - чекит) көздүн оптикалык кемтиги. Анда бир эле көздө түрдүү рефракциялар (алыстан же жакындан начар ж-а жакшы көрүү) же бир эле рефракциянын ар түрдүү даражалары кездешет. Ал көздүн тунук чел ийрисинин ж-а чечекейдин формасынын өзгөрүшүнөн болот. Көздүн ар кайсы бөлүгүндөгү оптикалык системанын нурду чагылдыруу күчү ар кандай болгондуктан нерсенин сүрөттөлүшү даана көрүнбөйт. Мындай учурда көрүү атайын цилиндрлүү көз айнек, кээде кыналма линза кийүү м-н оңдолот (к. Көз айнек). Балдарды жыл сайын окулист врачка көрсөтүп, көз айнегин которуп туруу зарыл. Чоң кишилерде астигматизм демейде туруктуу болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1